Редакцияот 21.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Каркыра  айыл аймагынын айылдык кеңешинин

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын  _______________  №_____                            

 

Каркыра айыл аймагына караштуу “Түп-1”  жана “Түп -2” каналын Түп райондук  суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Каркыра айылдык кеңешинин 2026-жылдын

07-июлундагы №131 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №504 буйругуна ылайык, ошондой эле Түп райондук  суу чарба башкармалыгынын кайрылуусун карап чыгып, Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Каркыра айыл аймагына караштуу  Сары-Тологой айылынын ичи менен өткөн “Түп-1” узундугу 3,5 км ички каналын, Кең-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы “Түп-2” узундугу 3,0 км ички каналын жана Лесхоз 3.799 км ички каналын  Суу ресурстары кызматынын Түп райондук суу чарба башкарлыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 

2.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарлышынкөзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                           С.А.Жангабылов