КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын _______________ №_______
Сүт Булак жабык акционердик коомуна жер тилкесинин ижара
мөөнөтүн узартууга макулдук берүү жөнүндө
Каркыра айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууну камсыз кылуу, өндүрүштүк ишмердүүлүктөн келип чыккан калдыктарды белгиленген таптипте башкаруууну уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле жерди пайдалануу жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыга ылайык, Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каркыра айыл аймагынын Жылуу-Булак айылынын №590 контурундагы жайыт жериндеги 0,50га жер тилкесин ижарага “Сүт Булак” акционердик коомуна ижарага 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартууга макулдук берилсин.
2. “Сүт Булак” жабык акционердик коому жогоруда көрсөтүлгөн жер аятынын пайдаланууга ай сайын ижара акысы 35000 (отуз беш миң) сом өлчө мүндө бекитилсин.
3. “Сүт Булак” жабык акционердик коому менен белгиленген тартипте Каркыра айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Айыл чарбасы, жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология боюнча комиссиясы;
5. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага С.А. Жангабылов