Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 5-сентябры №35/XI-29

Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кочкорбаев айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:

- жумушчу күндөрү (иш күндөрү) саат 22:00дөн 07:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынсын;

- эс алуу жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин;

- өзгөчө учур – 31-декабрдан 1-январга караган түнү – саат 04:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилет.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин:

- калк арасында, диний уюмдарда, кафелерде, ресторандарда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, этика жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Э.И.Токбергенов