КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-октябры № 802-т
2027–2028-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүн жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын натыйжалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин төрагалыгы алдында 2027–2028-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине (мындан ары – БУУнун Коопсуздук Кеңеши) Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүнүн маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүн жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жетекчилердин орун басарларынан төмөн эмес деңгээлдеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн катышуусун камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып 2028-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан маалыматты, маалымдама жана аналитикалык материалдарды, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартибинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы боюнча сунуштарды 24 саатка чейин, ал эми шашылыш маселелер боюнча – токтоосуз берүү мөөнөтү менен суроого;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган убактылуу тематикалык ведомстволор аралык жумушчу жана эксперттик топторду түзүүгө;
- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартибинин маселелери боюнча аларды кароо мезгилинде мамлекеттик органдардын профилдик адистерин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде иштөө үчүн белгиленген тартипте тартууга.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү суроо-талаптарынын жана чечимдеринин өз убагында жана толук аткарылышын камсыз кылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |