Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакыруу №1 сессиялык отурум
2025-жылдын 22-январы № 11
Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11- августундагы “Билим берүү жөнүндө” № 179-Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 4-пуктчасына жана 6 пунктуна жана “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Жайыл айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. 2025-жылга Жайыл айыл аймагынын бала-бакчалырынын тамактануусуна ата-энелердин төлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин :
- Алексеевка айылындагы “Колосок” мектепке чейинки балдар мекемеси күнүнө 100 (жүз) сом;
- Жайыл айылындагы “Жайыл -Ата” мектепке чейинки билим берүү мекемеси-күнүнө 100 (жүз) сом;
- Калдык айылындагы “Наристе-Калдык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси-күнүнө 100 (жүз) сом;
2. Ай ичинде 5 (беш) жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө (катары менен эмес) келбей калган учурда ата-энелерге балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелик төлөмдөргө төлөбөөгө урукскат берилсин.
3. Эгерде бала бала-бакчага катары менен 3 (үч) жумушчу күндөн ашык келбесе, анда директордун атынан баланын жоктугун негиздеген маалымкат, же арыз жазуу талап кылынат.Жогорудагы ырастоочу документтер жок болгон учурда, төлөм толугу менен жүргүзүлөт.
4. Бала бакчанын директорлору бул токтомду аткарууга кабыл алып , ата-энелерге билдирүүгө милдеттүү.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.
2026-жылдын 10-августунда https://zhaiyl.gov.kg/kg/toktom-11-2025-zh-22-yanvar-bala-bakchalarda-ata-enelik-t-l-md-rd-t-l-sharttary-zh-n-nd-t-l-sharttary-zh-n-nd/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |