Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-октябры №6/1
Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү маселелери жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин V “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”Жарлыгынын негизинде 2026-жылдын 22-сентябрындагы уюштуруу комитетинин №1 протоколуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренелерине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагы 5 аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн жана жыйындарды өткөрүүнүн графиги, өтүлүүчү жери, убактысы жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучулардын саны, жери жана убактысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Кара-Суу участкасы – К. Абдылдаев атындагы маданият үйү 2026-жылдын 8-октябрында саат 10.00 дө.
- Супа-Булак участкасы - К. Абдылдаев атындагы маданият үйү 2026-жылдын 8-октябрында саат 13.30 дө.
- Чоко-Бий айылы- А. Капаров орто мектеби, 2026-жылдын 8-октябрында саат 15.30 дө.
- Калинин айылы- орто мектеби, Т. Адыраңов 2026-жылдын 9-октябрында саат 10.00 дө.
- Терек-Суу айылы- А. Чортеков орто мектеби, 2026-жылдын 9-октябрында саат 13.30 дө.
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарына катышуучулардын саны:
- Кара-Суу участкасы – 16 адам
- Супа-Булак участкасы - 16 адам
- Чоко-Бий айылы – 16 адам
- Терек-Суу айылы - 16 адам
- Калинин айылы - 16 адам.
3. жарандардын жыйынын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары:
- Кара-Суу участкасы – К.Акбаев, Ч.Үсөнов, Б.Аманбек у,К.Абдрахманова, А.Жакеева
- Супа-Булак участкасы - А.Өзгөрүш у, Ч.Карагулова, Г.Калиязова
- Чоко-Бий айылы – Н.Асанбек у, Б.Каракожоева.
- Терек-Суу айылы – М.Тавалдиев, К. Карекова, А.Эсенгулова, Абдыкадыр у К
- Калинин айылы – С.Жумалиев, А.Бугубаева, М.Жумашов, И.Тилекматов, Кылычбек к Т, У.Кыдыршаев.
4. Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
Жумушчу топтун төрагасы: Жакыпакун уулу Конокбай
Мүчөлөрү:
1. Айылдык кеңештин төрагасы К. Жакыпакун уулу
2. Айылдык кеңештин катчысы М. Самтыров
3. Айыл өкмөт кызматкери А. Алакенов
4. Айыл өкмөт кызматкери Б. Орозбеков
5. Айыл өкмөт кызматкери Т. Алманбет уулу
5. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Кара-Суу айылынын К. Абдылдаев атындагы маданият үйүндө 2026-жылдын 24-октябрында саат 10:00 гө белгиленсин.
6. Жыйындарды өткөрүүдө жыйын өткөрүүчү жайларды жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы Б. Мамытовго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |
|