Редакцияот 19.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-октябрындагы № 709 токтомуна)

 

 

Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу жөнүндө

жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросунун (мындан ары – УББ) укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.

2. УББ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өз алдынча башкармалык укугунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын курамына кирүүчү түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.

3. УББ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) уставын жана башка эрежелерин жана актыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. УББнын толук аталышы:

– мамлекеттик тилде – «Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу»;

– расмий тилде – «Национальное центральное бюро Международной организации уголовной полиции (Интерпол) в Кыргызской Республике».

Кыскартылган аталышы:

– мамлекеттик тилде – «КР Интерпол УББ»;

– расмий тилде – «НЦБ Интерпола КР».

5. УББнын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469.

6. УББ эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Интерполдун Башкы катчылыгы жана Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) уставында аныкталган принциптерде, ошондой эле эл аралык полиция кызматташтыгын жөнгө салуучу Интерполдун укуктук актыларына ылайык алар менен кызматташат.

7. УББ өзүнүн ишин жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө гана жүзөгө ашырат жана саясий, аскердик, диний же расалык мүнөздөгү кылмыштарга тиешеси жок.

8. УББнын кызматкерлери УББга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жана ыкчам-иликтөө иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам-иликтөө ишин жүзөгө ашырат.

9. УББ өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тиешелүү кызматтары жана Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча кызматташат.

10. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин УББда кызмат өтөө тартиби «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеринин – «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

 

2-глава. УББнын милдеттери

 

11. УББнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Интерпол багыты боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык полиция кызматташтыгын камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Интерполдун Башкы катчылыгы, Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролору, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүсүн улуттук мыйзамдарды, ошондой эле адамдын жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин сактоо менен уюштуруу;

3) эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча маалымат жана аналитикалык материалдар менен алмашууну камсыз кылуу;

4) эл аралык мүнөздөгү кылмыштарды алдын алууга, аныктоого жана бетин ачууга көмөктөшүү.

 

3-глава. УББнын функциялары

 

12. УББ өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Интерполдун Башкы катчылыгы жана Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролору менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана камсыз кылат, анын ичинде эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча расмий жана ыкчам маалымат менен алмашууну жүзөгө ашырат;

2) Интерполдун расмий байланыш каналдары, анын ичинде I-24/7 глобалдык корголгон маалыматтык-коммуникациялык системасы жана Интерпол тарабынан колдонулуучу башка каражаттар аркылуу эл аралык полиция кызматташтыгын жүзөгө ашырат;

3) Интерполдун Башкы катчылыгынын жана Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролорунун суроо-талаптарын кабыл алат, иштеп чыгат жана алардын аткарылышын уюштурат;

4) Интерполдун каналдары аркылуу жөнөтүлүүчү жана келип түшүүчү суроо-талаптардын, тапшырмалардын жана башка маалыматтардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

5) кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бетин ачуу максатында кылмыштар жана кылмышкерлер, адамдарды, буюмдарды жана документтерди издөө жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматты берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын суроо-талаптарын жана билдирүүлөрүн Интерполдун Башкы катчылыгына жана Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролоруна жөнөтөт;

6) Интерполдун Башкы катчылыгынын жана Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролорунун суроо-талаптары боюнча издөөгө алынган адамдардын, буюмдардын жана документтердин жайгашкан жерин аныктоо, ошондой эле адамдарды жана объекттерди текшерүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштурат;

7) Интерполдун каналдары боюнча эл аралык издөөгө жана экстрадициялоого байланыштуу маалыматтар менен алмашууну жана материалдарды коштоону камсыз кылат;

8) Интерполдун каналдары боюнча келип түшүүчү жана жөнөтүлүүчү маалыматтар менен иштөөнүн белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылат, ошондой эле анын уруксатысыз таркатылышына жана ыйгарым укугу жок адамдарга берилишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт;

9) берүү (экстрадициялоо) чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык боюнча борбордук органдын тапшырмасы боюнча издөөгө алынган адамдарды өткөрүп берүүгө (этаптоого) байланыштуу уюштуруу маселелерин, анын ичинде өткөрүп берүү ордун, убактысын жана тартибин макулдашууга катышат;

10) зарыл болгон учурда берүү (экстрадициялоо) чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык боюнча борбордук органдын тапшырмасы боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу байланыш офицерлери катары издөөгө алынган адамдарды өткөрүп берүүгө катышуу үчүн кызматкерлерин жөнөтөт;

11) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык Интерполдун Башкы катчылыгына отчетторду жана статистикалык маалыматтарды даярдайт жана жөнөтөт;

12) эл аралык кылмыш статистикасына киргизүү үчүн Интерполдун Башкы катчылыгына кылмыштуулуктун абалы жөнүндө, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун курамына кирген адамдар тууралуу маалыматтарды түзөт жана жөнөтөт;

13) кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча аналитикалык материалдарды, серептерди жана баяндамаларды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жөнөтөт;

14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына Интерполдун каналдары боюнча эл аралык полиция кызматташтыгы маселелери боюнча консультациялык-методикалык жардам көрсөтөт;

15) эл аралык полиция кызматташтыгын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык, аналитикалык жана ченемдик материалдарды Интерполдун Башкы катчылыгынан сурап алат;

16) Интерполдун Башкы катчылыгынын эгидасы астында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат;

17) эл аралык полиция кызматташтыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;

18) өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

 

4-глава. УББнын укуктары

 

13. УББ өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардан жана уюмдардан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суратып алууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ички иштер органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен пайдаланууга;

3) Интерполдун эгидасы астында өткөрүлүүчү эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн кызматкерлерин жөнөтүүгө;

4) зарыл болгон жана тиешелүү келишимдер түзүлгөн учурда тиешелүү улуттук полиция кызматтары менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн өзүнүн өкүлдөрүн Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролоруна жөнөтө алат;

5) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө бюджеттен тышкаркы каражаттарды (гранттарды, фонддорду) пайдаланууга;

6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарга да ээ болушу мүмкүн.

14. УББ Интерполдун Башкы катчылыгынан же Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролорунан алынган жеке маалыматтарды жалпы кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бетин ачуу менен байланышпаган максаттарда пайдаланууга укуксуз.

Көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды саясий, аскердик, диний, расалык, этностук же башка басмырлоочу жүйөлөр боюнча куугунтуктоо максатында пайдаланууга жол берилбейт.

 

5-глава. УББнын ишин уюштуруу

 

15. УББнын ишин жетектөөнү анын башчысы жүзөгө ашырат.

16. УББнын башчысы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

17. УББнын башчысы:

1) УББнын ишин уюштурат жана УББга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

2) УББнын кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын аткарылышын контролдойт;

3) УББнын түзүмүн өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине сунуштарды киргизет, УББнын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет, УББнын иш пландарын бекитет;

4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине УББнын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо, которуу жана бошотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеринен тышкары, аларга атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштамаларды киргизет;

5) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеринен тышкары, УББнын кызматкерлерин сыйлоо же тартиптик жаза колдонуу боюнча сунуштарды киргизет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерин сыйлоо, тартиптик жаза колдонуу, ошондой эле кызмат өтөөнүн башка маселелери боюнча сунуштарды УББнын башчысы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине киргизет;

6) УББнын кызматкерлерине кезектеги өргүүлөрдү берет жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин уруксаты менен кызматкерлерди кызматтык иш сапарларга жөнөтөт;

7) УББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматтык документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарына даректелген документтерге кол коет;

8) Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине Интерполдун Башкы Ассамблеясынын сессияларына, Интерполдун Азия конференциясына жана Интерполдун эгидасы астында өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы жөнүндө сунуштамаларды берет;

9) УББнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын жана кызматтык тартиптин сакталышын контролдойт;

10) УББнын кызматкерлери тарабынан Интерполдун маалыматтарды иштеп чыгуу эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат, тиешелүү нускама өткөрүүнү уюштурат жана Интерполдун каналдары аркылуу жеке маалыматтарды берүүнүн мыйзамдуулугуна ички контролду жүзөгө ашырат;

11) УББнын кызматкерлери тарабынан коррупциянын алдын алуу боюнча ишти уюштуруу жана коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

12) УББда коррупциялык факторлорго мониторинг жүргүзүүнү уюштурат, аларды четтетүү боюнча чараларды көрөт, ошондой эле коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча УББнын кызматкерлери менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

18. УББ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана кызматчылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бир кызматкери менен комплекттелет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин УББга кызмат өтөө үчүн жөнөтүү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри менен алдын ала жазуу жүзүндө макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын буйругу менен жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин УББга кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кадрларында калат.

УББнын кызматкерлери жана кызматчылары керектүү кесиптик, моралдык жана ишкердик сапаттарга ээ болушу, ошондой эле Интерполдун бир же бир нече расмий тилдерин билиши керек.

19. УББнын атайын наамдары бар кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн каралган укуктук жана социалдык кепилдиктер толук көлөмдө, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик наамы бар кызматкерине – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары үчүн каралган укуктук жана социалдык кепилдиктер колдонулат.

20. УББда иш кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык Интерполдун Башкы катчылыгынын сунуштамаларын эске алуу менен мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

 

6-глава. УББны каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо

 

21. УББны каржылоо, материалдык-техникалык жана социалдык-тиричилик жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ички иштер органдарын каржылоо үчүн бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин УББга кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкеринин акчалай үлүшү, социалдык жана камсыздоонун башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүзөгө ашырылат.

22. УББ тарабынан пайдаланылуучу имараттар, курулмалар, жабдуулар, инвентарлар, байланыш каражаттары, маалыматтык системалар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар мамлекеттик менчик болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине бекитилип берилет.

23. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги УББны ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кызматтык жайлар, техникалык каражаттар, байланыш каражаттары жана башка материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылат.

24. УББнын балансында турган товардык-материалдык баалуулуктар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларына ылайык эсептен чыгарат.

 

7-глава. Корутунду жоболор

 

25. Бул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер тиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет.

26. УББнын ишинин процессинде түзүлүүчү документтер Кыргыз Республикасынын архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте сакталууга жана өткөрүлүп берилүүгө тийиш.