КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 22-октябры № 355
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында
шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун
улуттук программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү, калктын бардык категориялары жана топтору үчүн шахмат менен машыгуунун массалык формаларын жайылтуу, спорттук резервди даярдоо жана кыргыз шахматчыларынын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы (мындан ары – Улуттук программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планынын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
4) Улуттук программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) Иш-чаралар планынын негизинде ведомстволук иш пландарын жыл сайын иштеп чыгып, жүзөгө ашырып турсун;
3) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ар жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-октябрындагы № 80 (3840) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |