| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 22-октябрындагы № 355 Жарлыгы менен бекитилди) |
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында
шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун
улуттук программасы
1-глава. Киришүү
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
3-глава. Стратегиялык максат
4-глава. Ишке ашыруунун негизги багыттары
§ 1. Билим берүү системасындагы шахмат
§ 2. Спорттук резервди даярдоо
§ 3. Инфраструктураны өнүктүрүү
§ 4. Кадрдык өнүктүрүү
§ 5. Санариптик трансформация
§ 6. Инклюзивдик шахматты өнүктүрүү
§ 7. Аялдар шахматын өнүктүрүү
§ 8. Шахматты популярдаштыруу
§ 9. Мыйзам чыгаруу системасын өркүндөтүү
§ 10. Эл аралык кызматташуу
5-глава. 2030-жылга карата күтүлүүчү натыйжалар
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
§ 1. Жагымдуу өбөлгөлөр
§ 2. Тобокелдиктер
§ 3. Тобокелдиктерди башкарууга карата ыкмалар
7-глава. Натыйжалуулукка мониторинг жүргүзүү жана баалоо
1-глава. Киришүү
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы (мындан ары – Улуттук программа) шахматты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты улуттун интеллектуалдык потенциалын калыптандыруу, адам капиталын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана калктын бардык категориялары үчүн шахматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча интеллектуалдык, билим берүү жана спорттук багыт катары аныктайт. Ушул Улуттук программа 2030-жылдын аягына чейин максаттарды, милдеттерди, артыкчылыктуу багыттарды, ишке ашыруу механизмдерин, индикаторлорду жана күтүлүүчү натыйжаларды белгилейт.
Бул Улуттук программанын актуалдуулугу дүйнөдө да, Кыргыз Республикасында да шахматка болгон кызыгуунун туруктуу өсүшү менен шартталган. Онлайн платформалардын жана санариптик окутуу форматтарынын өнүгүшү шахматтын калктын кеңири катмары, өзгөчө жаштар үчүн жеткиликтүүлүгүн кыйла кеңейтти. Шахматтын ролунун эл аралык деңгээлде таанылышы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан шахматты өнүктүрүү боюнча резолюциянын кабыл алынышы менен тастыкталат, ага ылайык 20-июль Эл аралык шахмат күнү деп жарыяланган. Кыргыз Республикасында бул тенденция катталган шахматчылардын жана шахмат клубдарынын санынын өсүшү менен тастыкталат, бул шахматтын баш аламан өнүгүшүнөн ушул чөйрөдөгү системалуу мамлекеттик саясатка өтүү үчүн объективдүү өбөлгөлөрдү түзөт.
Шахмат адам капиталын калыптандыруу, логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаштарды тарбиялоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын чыңдоо үчүн натыйжалуу курал болуп эсептелет.
Шахматты өнүктүрүү зарылдыгы бир катар себептерден улам келип чыгууда. Шахмат жынысына, жашаган жерине жана мүлктүк абалына карабастан бардык курактагы адамдар үчүн жеткиликтүү. Шахмат билим берүүчү, интеллектуалдык, маданий жана спорттук түзүүчүлөрүн бириктирип, калктын массалык катышуусу үчүн колдонулушу мүмкүн. Шахматтын ийгиликтүү жана динамикалуу өнүгүшү үчүн мамлекеттин, шахмат коомчулугунун жана демөөрчүлөрдүн күч-аракетин бириктирүү зарыл. Бул Улуттук программаны ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Шахмат Союзунун ортосундагы жоопкерчиликти бөлүштүрүү, бирдиктүү стандарттарды колдонуу, санариптик эсепке алуу жана натыйжаларды үзгүлтүксүз баалоо менен камсыздалат.
Бул Улуттук программа системалуулук, жеткиликтүүлүк, натыйжалардын өлчөнө тургандыгы, аймактык тең салмактуулук, инклюзивдүүлүк, спорттук чынчылдык, санариптик интеграция жана башкаруунун ачык-айкындуулугу принциптерине негизделген шахматты өнүктүрүүнүн туруктуу улуттук системасын түзүүгө багытталган.
Бул Улуттук программанын көздөгөнү Кыргыз Республикасын шахмат улуттун интеллектуалдык потенциалын калыптандырууга жана адам капиталын өнүктүрүүгө жөндөм түзгөн, жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан калктын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү болгон, ошондой эле улуттук курама команда 2030-жылдын аягына чейин ФИДЕ (Эл аралык шахмат федерациясы) рейтинги боюнча дүйнөдөгү алдынкы топ-50 шахмат өлкөлөрүнүн катарына кирген мамлекет катары чыгаруу болуп саналат.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасында калктын шахматка болгон кызыгуусунун туруктуу өсүшү байкалууда.
2026-жылдын башына карата абал боюнча:
–12 816 шахматчы катталган;
–140 шахмат клубу иштейт, алардын 45и айыл жерлеринде жайгашкан;
–9 эл аралык чебер жана 17 ФИДЕ чебери даярдалган;
–Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИДЕнин рейтингинде 70-орунда турат.
Акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасында катталган шахматчылардын жана шахмат клубдарынын саны туруктуу өсүп келе жаткандыгы байкалууда. Ушуну менен бирге, оң динамикага карабастан, тармактын учурдагы абалы менен каалаган натыйжанын ортосундагы айырма олуттуу бойдон калууда: максаттуу көрсөткүчкө ылайык шахматчылардын санын 2030-жылдын аягына чейин 100 000ге жеткирүү каралган болсо, иш жүзүндөгү камтуу көздөлгөн деңгээлден 13 %дын тегерегинде болот, улуттук курама команданын ФИДЕ рейтингиндеги орду (70-орун) максаттуу көрсөткүч катары алынган топ-50дөн кыйла артта калууда, ал эми инфраструктуралык камсыздоо – шахматты системалык өнүктүрүү муктаждыктарынан бир топ төмөн.
Шахматты колдоо боюнча максаттуу мамлекеттик программалардын натыйжасында системалуу прогресске жетишкен өлкөлөрдүн тажрыйбасы ушул Улуттук программаны ырааттуу ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасы үчүн да ушундай өсүшкө жетишүүгө болорун тастыктайт.
Оң динамикага карабастан, шахматтын өнүгүшүнө төмөнкү факторлор тоскоол болгон:
– шахматты өнүктүрүү боюнча бирдиктүү стратегиялык көз караштын жоктугу;
– шахматты өнүктүрүү боюнча адистештирилген улуттук борбордун жоктугу;
– каржылоонун жетишсиз деңгээли;
– ведомстволор аралык координациянын жоктугу;
– чектелген инфраструктуралык база;
– квалификациялуу машыктыруучулардын жана калыстардын жетишсиздиги;
– бирдиктүү санариптик башкаруу системасынын жоктугу;
– шахмат долбоорлорун каржылоого бизнестин катышуусунун төмөн деңгээли;
– региондордо шахматтын жетишсиз өнүгүшү;
– жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги.
Негизги көйгөй болуп массалык тартуу, шахмат боюнча билим берүү, региондук даярдоо, спорттук резервдер жана улуттук курама команданын ортосунда бирдиктүү байланыштын жоктугу саналат. Бирдиктүү тандоо критерийлери, даярдоо стандарттары, маалымат алмашуу тартиби жана шахматчыларды системанын деңгээлдеринин ортосунда өткөрүү үчүн жоопкерчилик белгиленген эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын кабыл алуу жана ушул Улуттук программаны иштеп чыгуу көрсөтүлгөн факторлорду системалуу түрдө четтетүүнүн биринчи кадамы болуп саналат.
3-глава. Стратегиялык максат
Бул Улуттук программанын стратегиялык максаты болуп 2030-жылга карата төмөнкүлөрдү камсыз кылган комплекстүү, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук шахматты өнүктүрүү системасын түзүү саналат:
– калкты массалык тартуу;
– балдар-өспүрүмдөр шахматын өнүктүрүү;
– эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоо;
– кесиптик кадрдык потенциалды калыптандыруу;
– заманбап шахмат инфраструктурасын түзүү;
– тармакты санариптештирүү;
– Кыргыз Республикасынын эл аралык позицияларын бекемдөө;
– ФИДЕ рейтинги боюнча дүйнөдөгү 50 эң күчтүү шахмат өлкөлөрүнүн катарына кирүү.
Стратегиялык максатка жетүү региондук деңгээлдеги мектептерден, клубдардан жана секциялардан баштап, спорттук резервди жана улуттук курама команданы кошкондо Улуттук шахмат академиясына (мындан ары – Академия) чейинки үзгүлтүксүз даярдоо системасы менен камсыз кылынат. Жогорку квалификациялуу кадрлар, инфраструктура, санариптик система жана ченемдик жөнгө салуу бардык деңгээлдердин иштешин камсыз кылат.
4-глава. Ишке ашыруунун негизги багыттары
§ 1. Билим берүү системасындагы шахмат
Кырдаалды талдоо
Бүгүнкү күндө шахмат спорттун классикалык түрү катары гана эмес, билим берүү инструменти катары да өнүгүп жатат. ФИДЕ педагогдорду даярдоону, мектеп программаларын жана балдарга шахматты үйрөтүү ыкмаларын кошкондо «Chess in Education» багытын өзүнчө илгерилетүүдө.
Кыргыз Республикасы үчүн бул шахматты өнүктүрүү турнирлер жана спорттук натыйжалар призмасы аркылуу гана эмес, адам капиталы, билим берүү жана жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсү чөйрөсүндөгү улуттук саясаттын элементи катары каралууга тийиш дегенди билдирет.
Шахматты билим берүүнүн жалпы мамлекеттик саясатынан тышкары өнүктүрүү төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет:
– шахмат боюнча билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктүн жоктугу;
– балдарды камтуунун төмөн деңгээли;
– потенциалдуу таланттарды алгачкы этапта жоготуу.
Максаты: шахмат боюнча билим берүү аркылуу окуучулардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү.
Милдеттери:
2026-жыл:
– 500 мектепте пилоттук долбоорду ишке киргизүү;
– мугалимдерди даярдоо;
– окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу (мамлекеттик билим берүү стандарты, типтүү окуу пландары, методикалык куралдар, окуу китептери жана дидактикалык материалдары, билим алуучулардын билимин жана көндүмдөрүн баалоо системасы);
2027–2030-жылдар:
– калган мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мектептерин камтуу;
– жогорку окуу жайларында педагогдорду даярдоо системасына шахмат боюнча билим берүүнүн элементтерин киргизүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мектептеринин 3–5-класстарынын окуучуларын камтуу;
– 2000ден ашуун педагогду даярдоо.
§ 2. Спорттук резервди даярдоо
Кырдаалды талдоо
Шахматтагы глобалдык атаандаштык күч алууда. 2030-жылга шахматты өнүктүрүүнүн комплекстүү, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук системасын түзүүнүн стратегиялык максаты спортчуларды системалуу даярдоого, үзгүлтүксүз спорттук турнирлерге жана окуу-машыгуу жыйындарына өтүүнү талап кылат.
Шахматчыларды үзгүлтүксүз даярдоону камсыз кылуу, таланттарды эрте аныктоо, спорттук резервди түзүү жана улуттук курама команданы даярдоо максатында спортчуларды тандоонун, коштоонун жана өстүрүүнүн ырааттуу системасына негизделген шахматты өнүктүрүүнүн бирдиктүү спорттук вертикалын түзүү зарыл.
Спорттук вертикаль этап менен түзүлөт. Башында аракеттер үч негизги звеного багытталат: клубдарды жана секцияларды даярдоонун учурдагы негизи катары өнүктүрүү, жалпы билим берүү мектептерине жана Академиянын мекемелерине шахматты киргизүү. Ченемдик, кадрдык жана финансылык базанын түзүлүшүнө жараша ырааттуу түрдө региондук инфраструктура калыптанат, бул региондордон улуттук деңгээлге толук вертикалды курууга мүмкүндүк берет.
Спорттук резервди даярдоонун үч деңгээли бар:
I деңгээл – шахмат клубдары жана секциялары, жалпы билим берүү мектептери
Шахмат клубдары жана секциялары спорттук даярдыктын учурдагы жана эң алгачкы звеносу болуп саналат. Балдар 4–5 жаштан баштап клубдарга келет, системалуу машыктыруучулук даярдыктан өтүп, мелдештерге катышат. Дал ушул клубдук система келечектүү спортчуларды алгачкы аныктоону камсыз кылат жана бүгүнкү күндө спорттук вертикалдын реалдуу негизи болуп саналат.
Шахмат клубдарынын жана секцияларынын деңгээлинде төмөнкүлөр камсыз кылынат:
– балдарды шахматка эрте тартуу;
– системалуу базалык даярдык;
– жөндөмдүү жана келечектүү шахматчыларды алгачкы аныктоо;
– муниципалдык, райондук, шаардык жана облустук мелдештерге катышуу;
– спорттук натыйжалардын жана рейтингдердин алгачкы эсебин жүргүзүү.
Жалпы билим берүү мектептери принциптүү башка милдетти – 3-класстан баштап балдарды шахмат менен массалык тааныштырууну чечет. Жалпы билим берүү мектептериндеги шахмат спорттук адистикке эмес, интеллектуалдык көндүмдөрдү камтууга, популярдаштырууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Программанын өнүгүшүнө жараша мектеп системасы клубдук кыймылды өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрө болуп калат;
II деңгээл – Академия
Академия бүтүндөй системанын борбордук институту –айланасында улуттук шахматтык даярдык курулган уюштуруу өзөгү болуп саналат. Академия тандоонун жана даярдоонун бирдиктүү стандарттарын түзөт, клубдук системадан тандалып алынган кыйла келечектүү шахматчылар менен терең иштөөнү камсыз кылат жана спорттук резервди да, улуттук курама команданы да даярдоо үчүн институттук негиз болуп саналат.
Академиянын деңгээлинде төмөнкүлөр камсыз кылынат:
– клубдук системадан кыйла келечектүү шахматчыларды тандоо;
– жаштар жана өспүрүмдөр резервин тереңдетилген спорттук даярдоо;
– окуу-машыгуу жыйындарын уюштуруу;
– методикалык иш жана машыктыруучулук потенциалды өнүктүрүү;
– даярдоону аналитикалык, психологиялык жана санариптик коштоо;
– спортчуларды, анын ичинде улуттук курама команданын мүчөлөрүн улуттук жана эл аралык мелдештерге даярдоо;
– региондук федерациялар, клубдар, машыктыруучулар жана ата-энелер менен өз ара аракеттенүү.
Региондук инфраструктураны түзүүгө жараша Академия региондук борборлорго методикалык жетекчиликти камсыз кылат жана региондордон улуттук деңгээлге толук вертикалды түзөт;
III деңгээл – Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы
Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча улуттук курама командасы Академия системасынын эң күчтүү спортчуларынан түзүлөт. Улуттук курама команда өзүнчө уюштуруу түзүмү болуп саналбайт – бул Академиянын базасында даярдыкты улантып жаткан спортчулардын жогорку квалификациялык категориясы.
Улуттук курама команданын деңгээлинде төмөнкүлөр камсыз кылынат:
– рейтингдин жана мелдештердин жыйынтыктарынын негизинде өлкөнүн эң күчтүү шахматчыларын тандоо;
– Азия, дүйнө чемпионаттарында жана дүйнөлүк шахмат олимпиадаларында Кыргыз Республикасын көрсөтүү;
– ата мекендик жана чет өлкөлүк алдынкы адистер менен жекече иштөө.
Улуттук курама команда Кыргыз Республикасынын ФИДЕ рейтингиндеги орду аркылуу бүтүндөй системанын натыйжалуулугун жыйынтыктоочу өлчөгүч болуп саналат.
Спорттук вертикалды этап менен калыптандыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
– учурдагы институттарды – клубдук системаны жана Академияны улуттук шахматтык даярдыктын негизи катары бекемдөөгө;
– клубдук деңгээлден улуттук курама командага чейин ачык-айкын тандоо системасын түзүүгө;
– озуп кеткен формалдуу милдеттенмелерсиз региондук инфраструктураны ырааттуу түрдө түзүүгө;
– улуттук курама команданын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга.
Спорттук резервди, улуттук курама команданы даярдоо үчүн студенттик курактагы келечектүү шахматчыларды аныктоонун, коштоонун жана тандоонун туруктуу системасын түзүүнүн дагы бир механизми студенттик шахмат лигасы болот. Аны өткөрүү студенттик спортту өнүктүрүүгө гана эмес, адамдык капиталды калыптандыруу боюнча мамлекеттин стратегиялык милдеттерин чечүүгө да багытталат.
Студенттик шахмат лигасын өткөрүү шахматчыларды даярдоонун улуттук системасында жетишпеген звенону калыптандырууга мүмкүндүк берет, жаштардын спорттук потенциалын сактоону камсыз кылат жана улуттук спорттук резервди туруктуу толуктоо үчүн шарттарды түзөт.
Спорттук резервди даярдоонун ажырагыс бөлүгү болуп өлкө ичинде эл аралык турнирлерди өткөрүү саналат. Бул үчүн сертификатталган оюн залдары, техникалык жабдуулар, калыстар үчүн жайлар, трансляциялоо үчүн мейкиндиктер, аналитикалык зоналар зарыл.
Заманбап инфраструктуранын жоктугу төмөнкүлөрдү төмөндөтөрү шексиз:
– өлкөнүн эл аралык таанылуусун;
– улуттук курама команданын спортчуларынын мелдештик практикасын;
– спорттук иш-чаралардын туристтик жагымдуулугун.
Балдарды жана спортчуларды психологиялык коштоо өзгөчө мааниге ээ болууда. Жогорку интеллектуалдык жүктөм, атаандаштык жана санариптештирүү шартында дал ушул психологиялык туруктуулук, мотивация жана стресс менен күрөшүү жөндөмдүүлүгү спорттук натыйжалардын да, инсандын гармониялуу өнүгүүсүнүн да маанилүү факторлору болуп калат.
Максаты: спорттук резервди жана улуттук курама команданы аныктоонун, тандоонун жана даярдоонун үзгүлтүксүз системасын түзүү.
Милдеттери:
– тандоонун улуттук системасын түзүү;
– ар жылдык окуу-машыгуу жыйындары;
– өлкө ичинде өткөрүлүүчү эл аралык деңгээлдеги мелдештердин санын көбөйтүү;
– спортчулардын өлкөнүн чегинен тышкары эл аралык турнирлерге үзгүлтүксүз катышуусу;
– гроссмейстерлерди тартуу;
– спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлоо системасын түзүү;
– психологиялык коштоо системасын киргизүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– жыл сайын 4төн кем эмес окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү;
– улуттук курама команданын спортчуларынын ички мелдештерди кошкондо, жыл сайын 10дон кем эмес эл аралык мелдештерге катышуусу.
§ 3. Инфраструктураны өнүктүрүү
Кырдаалды талдоо
Шахматты спорттун жана интеллектуалдык иштин түрү катары өнүктүрүү туруктуу, жеткиликтүү жана адистештирилген инфраструктуранын болушунан түздөн-түз көз каранды. Инфраструктура бүтүндөй шахмат системасынын материалдык негизи болуп саналат жана билим берүү программаларын ишке ашырууну жана шахматты калк арасында популярдаштырууну камсыз кылат.
Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй шахматты өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишкен өлкөлөр адистештирилген академияларды, шахмат мектептерин, региондук борборлорду, машыгуу базаларын жана мелдештерди өткөрүү үчүн заманбап аянтчаларды камтыган өзүнүн инфраструктуралык системасын түзүшөт.
Академия бирдиктүү адистештирилген институт катары төмөнкү функцияларды аткарат:
– улуттук курама команданы даярдоо;
– спорттук резервди даярдоо;
– машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуу;
– шахмат профили боюнча педагогдорду даярдоо;
– калыстарды даярдоо;
– илимий-методикалык коштоо;
– санариптик технологияларды киргизүү.
Мындай адистештирилген институт түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү спортчуларды даярдоонун чачыранды болушу, узак мөөнөттүү пландоонун мүмкүн эместиги, окутуунун бирдиктүү методологиясынын жоктугу жана шахмат чеберчилигин өнүктүрүүнүн вертикалынын начардыгы менен мүнөздөлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн учурдагы системасы Бишкек шаарында активдүүлүктүн жогорку концентрациясы менен мүнөздөлөрүн белгилөө зарыл.
Бүгүнкү күндө төмөнкүлөр жок:
– региондук даярдоо борборлору;
– таланттарды тандоонун туруктуу системасы;
– борбордук түзүмдөр менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү механизмдери.
Бул аймактык дисбалансты жаратат жана спорттук резервди түзүүнү чектейт.
Максаты: билим берүү, региондук жана спорттук вертикалдардын иштешин камсыз кылуучу шахмат инфраструктурасынын заманбап тармагын түзүү.
Милдеттери:
2026-жыл:
– Академияны түзүү;
2027–2030-жылдар:
– региондордо шахмат сарайларын куруу;
– шахмат клубдарынын жана секцияларынын тармагын өнүктүрүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– Академия – 1 объект;
– шахмат сарайлары – 7 объекттен кем эмес;
– шахмат клубдарынын жана секцияларынын санын 240ка чейин көбөйтүү.
§ 4. Кадрдык өнүктүрүү
Кырдаалды талдоо
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында шахмат боюнча квалификациялуу машыктыруучулардын, педагогдордун жана калыстардын тартыштыгы сакталууда, ошондой эле аларды кесиптик даярдоо, сертификациялоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөр чектелүү, ал ушул Улуттук программанын башка багыттарын ишке ашырууга тоскоол болууда.
Максаты: кесипкөй кадрлар корпусун түзүү.
Милдеттери:
– кадрларды даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу;
– жогорку окуу жайларында педагогикалык багыттар боюнча иштеп жаткан кафедралардын базасында «Жалпы билим берүү мектептеринде шахматты окутуу» адистигин ачуу;
– шахмат боюнча машыктыруучуларды жана окутуучуларды сертификациялоо системаларын киргизүү;
– квалификацияны жогорулатуу курстарын, семинарларды, тренингдерди үзгүлтүксүз уюштуруу;
– эл аралык эксперттерди, гроссмейстерлерди жана профилдик адистерди тартуу;
– жаш машыктыруучулар жана окутуучулар үчүн стажировка жана насаатчылык системасын түзүү;
– методикалык материалдарды, окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
– жогорку натыйжаларды көрсөткөн машыктыруучуларга жана адистерге дем берүү жана колдоо чараларын киргизүү;
– ушул Улуттук программанын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга тартылган жогорку квалификациялуу адистерди социалдык колдоо чараларын, ошондой эле кесиптик иштин жагымдуулугун жогорулатууга, кадрларды алып калууга жана алдынкы ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди тартууга багытталган башка чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– «Мектептердеги шахмат» пилоттук долбоорунун алкагында даярдалган 500 педагог, пилоттук долбоор ийгиликтүү болгон учурда – 2000ден ашык педагог;
– 150 сертификатталган калыс;
– 40 эл аралык ФИДЕ инструктору;
– 16 эл аралык ФИДЕ арбитри;
– 4 ФИДЕ машыктыруучусу;
– 8 эл аралык мелдештердин уюштуруучусу.
§ 5. Санариптик трансформация
Кырдаалды талдоо
Заманбап шахматты өнүктүрүү окутуу, талдоо, мелдештерди уюштуруу жана спортту популярдаштыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу санариптештирүү менен тыгыз байланышкан.
Санариптик чөйрө региондук теңсиздикти жеңүүнүн негизги механизми катары да маанилүү.
Максаты: шахматты башкаруунун бирдиктүү санариптик системасын түзүү.
Милдеттери:
– Кыргыз Шахмат Союзунун расмий сайтын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
– санарип платформасын түзүү;
– шахматчылардын бирдиктүү базасын түзүү;
– онлайн-турнирлер платформасын түзүү;
– онлайн-окутуу системасын түзүү;
– программаларга автоматташтырылган мониторинг жүргүзүүнү киргизүү;
– финансылык ачык-айкындуулук инструменттерин киргизүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– кыргыз, орус жана англис тилдериндеги сайттын болушу;
– шахматчылардын бирдиктүү базасынын иштеши;
– региондордон спортчуларды онлайн режиминде окутуу инструменттеринин болушу;
– программаларга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун автоматташтырылган системасынын болушу;
– Кыргыз Шахмат Союзунун жана анын түзүмдөрүнүн ишинин негизги түрлөрү боюнча финансылык дашборддордун болушу.
§ 6. Инклюзивдик шахматты өнүктүрүү
Кырдаалды талдоо
Шахмат ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар башкалар менен бирдей өзүн-өзү өнүктүрүү, социалдашуу жана эл аралык таанылуу үчүн толук мүмкүнчүлүккө ээ болгон бир нече чөйрөлөрдүн бири болууга жөндөмдүү.
Шахмат менен машыгуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын адаптацияланышына, социалдашуусуна жана өз күчтөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт, бул аларды психологиялык жана педагогикалык коштоонун өзгөчө маанилүүлүгүн шарттайт.
Максаты: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болгон инклюзивдик шахмат чөйрөсүн түзүү.
Милдеттери:
– адистештирилген секцияларды түзүү;
– улуттук турнирлерди өткөрүү;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар менен иштөө боюнча адистерди даярдоо;
– жеткиликтүү чөйрөнү камсыз кылуу.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн адистештирилген шахмат секцияларын түзүү;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды адистештирилген секцияларда машыгуулар менен камтуу;
– инклюзивдик форматта турнирлерди жана башка шахмат иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү;
– инклюзивдик шахмат иш-чараларына региондордун катышуу географиясын кеңейтүү;
– инклюзивдик шахмат боюнча машыктыруучуларды жана адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү жана ишке киргизүү;
– инклюзивдик шахмат боюнча машыктыруучулар үчүн даярдалган методикалык материалдарды жана сунуштарды иштеп чыгуу.
§ 7. Аялдар шахматын өнүктүрүү
Кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын шахмат спортуна аялдар менен кыздардын катышкандыгына карабастан, алардын мелдештик, машыктыруучу, калыстык жана уюштуруучулук ролдордо катышуусу чектелүү бойдон калууда, бул өлкөдө аялдар шахматынын потенциалын ишке ашырууга тоскоол болууда.
Максаты: шахмат кыймылында аялдар менен кыздардын ролун жогорулатуу.
Шахмат менен машыгууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, кыздардын жана аялдардын интеллектуалдык спортко катышуусун кеңейтүү, кадрдык потенциалды түзүү жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү максатында аялдар шахматын өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу зарыл.
Милдеттери:
– кыздар арасында шахматты популярдаштыруу;
– таланттуу спортчу кыздарды колдоо;
– аял-машыктыруучуларды, калыстарды жана уюштуруучуларды даярдоо;
– спорттук карьераны окуу жана кесиптик иш менен айкалыштыруу үчүн шарттарды түзүү;
– билим берүү жана насаатчылык программаларын ишке ашыруу.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– шахмат менен машыккан кыздардын жана аялдардын үлүшүн көбөйтүү;
– аял машыктыруучулардын, калыстардын жана уюштуруучулардын санын көбөйтүү.
§ 8. Шахматты популярдаштыруу
Кырдаалды талдоо
Шахматка болгон кызыгуунун өсүшүнө карабастан, Кыргыз Республикасында үзгүлтүксүз массалык иш-чаралардын жана республикалык деңгээлдеги таанымал турнирлердин системалуу практикасы жок, бул калктын кеңири катмарын шахмат менен машыгууга тартууну чектейт.
Максаты: шахматты популярдаштыруу жана шахмат кыймылына калкты массалык түрдө тартуу.
Милдеттери:
– мектептерде шахматтын бир айлыгын өткөрүү;
– Район акиминин кубогун өткөрүү;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогун өткөрүү;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогун өткөрүү;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын сыйлыгын тапшыруу үчүн жыл сайын Жылдын мыкты шахматчысын жана Жылдын мыкты машыктыруучусун аныктоо;
– корпоративдик турнирлерди өткөрүү;
– мамлекеттик органдардын ортосунда мелдештерди өткөрүү;
– ардагерлер арасында мелдештерди өткөрүү;
– жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууну өнүктүрүү;
– трансляциялар, репортаждар, маалыматтык өнөктүктөр.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– жыл сайын шахмат боюнча региондук жана республикалык турнирлердин системасын өткөрүү;
– жыл сайын социологиялык сурамжылоолордун маалыматтары менен ырасталган үзгүлтүксүз медиа чагылдыруунун эсебинен калк арасында шахматтын таанылышынын жана массалуулугунун өсүшү.
§ 9. Мыйзам чыгаруу системасын өркүндөтүү
Кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук базасында билим берүү жана спорттук багыт катары шахматтын өзгөчөлүгү толук эске алынбайт, бул шахмат уюмдарын, программаларды жана долбоорлорду системалуу мамлекеттик каржылоону жана колдоого алууну татаалдатат.
Максаты: адам капиталын, билим берүүнү жана спортту өнүктүрүү куралы катары шахматты туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу заманбап ченемдик укуктук базаны түзүү.
Милдеттери:
– шахматты өнүктүрүүнү жөнгө салуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
– шахматты билим берүү, спорт, санариптештирүү жана жаштар саясаты чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик программаларга жана тармактык документтерге киргизүү;
– шахмат уюмдарын, программаларды жана долбоорлорду мамлекеттик каржылоо жана колдоо механизмдерин өркүндөтүү;
– шахматты өнүктүрүүгө жеке сектордун жана меценаттардын катышуусуна дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– шахматты өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
– шахматты өнүктүрүү маселелерин мамлекеттик стратегиялык документтерде чагылдыруу;
– мамлекеттик колдоо механизмдерин бекитүү;
– шахматты өнүктүрүүнүн негизги институттарынын жоболорун жана ишинин стандарттарын бекитүү.
§ 10. Эл аралык кызматташуу
Кырдаалды талдоо
Эл аралык кызматташуу шахматты өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат, бирок ал Кыргыз Республикасында системалуу мүнөзгө ээ эмес. Эл аралык шахмат уюмдары, чет өлкөлүк федерациялар жана профилдик билим берүү мекемелери менен чектелген өз ара аракеттенүү алдынкы тажрыйба алмашуу, спортчулардын, машыктыруучулардын жана калыстардын кесиптик өнүгүүсү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык эксперттик колдоону тартуу жана улуттук шахмат системасын дүйнөлүк шахмат коомчулугуна интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтөт.
Максаты: шахмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык позициясын бекемдөө.
Милдеттери:
– эл аралык жана чет өлкөлүк шахмат уюмдары, федерациялар жана академиялар менен кызматташууну кеңейтүү;
– улуттук кадрларды даярдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык эксперттерди тартуу;
– кыргызстандык спортчулардын, машыктыруучулардын, калыстардын жана адистердин эл аралык мелдештерге, билим берүү программаларына жана семинарларга катышуусун активдештирүү;
– Кыргыз Республикасында эл аралык шахмат турнирлерин, конференцияларды жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү;
– гранттарды, техникалык жана эксперттик жардамдарды тартуу боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
– эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүү;
– чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен эл аралык окуу-машыгуу иш-чараларын өткөрүү;
– Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык иш-чаралардын санын көбөйтүү;
– шахмат демилгелеринде жана долбоорлорунда Кыргызстандын эл аралык өкүлчүлүгүн жогорулатуу;
– тышкы каржылоону жана эксперттик колдоону тартуу менен эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу.
Ушул Улуттук программаны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
– республикалык бюджеттин каражаттарынын;
– жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;
– Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун каражаттарынын;
– эл аралык уюмдардын гранттарынын;
– демөөрчүлүк жардамдын;
– ыктыярдуу кайрымдуулуктардын;
– мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин;
– мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын.
5-глава. 2030-жылга карата күтүлүүчү натыйжалар
2030-жылга карата бул Улуттук программаны ишке ашыруу шахматчыларды даярдоо системасын баштапкы окутуудан баштап улуттук курама команданын деңгээлине чейин ырааттуу өнүктүрүүнү камсыз кылган бүтүндөй улуттук шахмат экосистемасын түзүүнү жана интеллектуалдык потенциалды жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө системалуу түрдө инвестиция салган мамлекет катары Кыргыз Республикасынын позициясын бекемдөөнү камсыз кылат. Бул төмөнкү натыйжаларга жетүүгө түрткү берет:
– шахматчылардын санын 12 816дан кеминде 100 000ге чейин көбөйтүү;
– башталгыч класстардын окуучуларынын кеминде 30 пайызын шахматтык билим берүү менен камтуу;
– Академиянын спорттук резервди жана улуттук курама команданы даярдоонун, машыктыруучуларды, педагогдорду жана башка адистерди даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун, илимий-методикалык жактан камсыз кылуунун жана спорттук аналитиканын профилдик борбору катары иштеши;
– кеминде 7 шахмат сарайын ачуу;
– шахмат клубдарынын жана секцияларынын жалпы санын 240ка чейин көбөйтүү;
– бирдиктүү санариптик платформаны түзүү;
– кесипкөй кадрлар корпусун даярдоо;
– эл аралык титулдардын санын көбөйтүү;
– эл аралык мелдештерде медалдардын санын көбөйтүү;
– ФИДЕ рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү 50 шахмат өлкөсүнүн катарына кирүү;
– шахматты туруктуу каржылоо механизмин камсыз кылуу.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Бул Улуттук программаны ишке ашыруу коюлган максаттарга жана индикаторлорго жетишүүгө өбөлгө түзүүгө, ошондой эле тоскоолдук кылууга жөндөмдүү болгон бир катар факторлордун негизинде жүзөгө ашырылат. Бул факторлор социалдык-саясий, экономикалык, экологиялык, климаттык жана маалыматтык мүнөзгө ээ жана ушул Улуттук программаны ишке ашырууда дүйнөлүк тенденцияларды жана Кыргыз Республикасынын ички шарттарын эске алуу менен көңүлгө алынууга тийиш.
§ 1. Жагымдуу өбөлгөлөр
Шахматты өнүктүрүүгө бир катар өбөлгөлөр түрткү берет, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
1) социалдык-саясий:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген жана аны аткаруу максатында түзүлүүчү Академия жана Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду шахматты жогорку мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнү саясий колдоо;
– ушул Улуттук программаны улуттук жана региондук деңгээлдерде ишке ашырууну координациялоого жөндөмдүү Кыргыз Шахмат Союзу катары уюштуруу түзүмүнүн болушу;
– региондордогу балдар жана жаштар менен иштөөнүн инструменти катары шахматты өнүктүрүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкдарлыгы;
2) экономикалык:
– бюджеттен тышкаркы каржылоону тартуу үчүн өбөлгөлөрдү түзгөн социалдык маанилүү интеллектуалдык жана спорттук демилгелерди колдоого ата мекендик бизнестин жана меценаттардын өсүп жаткан кызыгуусу;
– орточо финансылык салымдар менен олуттуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берген спорттун башка түрлөрүнө караганда шахматты өнүктүрүүнүн салыштырмалуу төмөн капитал сыйымдуулугу;
– билим берүү жана интеллектуалдык демилгелерди колдоого кызыкдар эл аралык уюмдардын гранттык каржылоосун тартуу мүмкүнчүлүгү;
3) экологиялык жана климаттык:
– шахматты иштин түрү катары өнүктүрүү үчүн маанилүү климаттык жана экологиялык чектөөлөрдүн жоктугу, бул ресурстарды ушул Улуттук программанын мазмундуу артыкчылыктарына багыттоого мүмкүндүк берет;
– иш-чаралардын олуттуу бөлүгүн жабык жайларда өткөрүү мүмкүнчүлүгү, бул ушул Улуттук программаны ишке ашыруунун аба ырайына жана климаттык шарттарга көз карандылыгын азайтат;
4) маалыматтык жана технологиялык:
– шахматты окутуунун, анын ичинде региондордо окутуунун наркын төмөндөтүүчү жана камтууну кеңейтүүчү заманбап санариптик технологиялардын жана онлайн-платформалардын жеткиликтүүлүгү;
– шахматка дүйнөлүк жана региондук кызыгуунун туруктуу өсүшү, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан анын ролун таануу, бул эл аралык көңүл бурууну жана колдоону жеңилдетет;
– өздүк санариптик инфраструктураны нөлдөн баштап түзүүгө чыгымдарды азайтуучу окутуу жана мелдештерди өткөрүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк онлайн-платформаларды өнүктүрүү.
§ 2. Тобокелдиктер
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү бир катар тобокелдиктер менен коштолот, алардын ичинде:
1) социалдык-саясий жана институттук:
– ведомстволор аралык координациянын жетишсиздиги жана зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын өз убагында кабыл алынбашы. Мүмкүн болуучу кесепеттер: чечимдерди аткаруунун төмөндөшү жана ушул Улуттук программаны ишке ашыруунун фрагменттүү мүнөзү;
– ушул Улуттук программаны ишке ашырууга катышуучулардын ортосундагы жоопкерчиликтин так эместиги. Мүмкүн болуучу кесепеттер: макулдашылбаган аракеттер жана айрым иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн үзгүлтүккө учурашы;
2) экономикалык жана финансылык:
– ушул Улуттук программанын иш-чараларын бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржылоо жетишсиз же өз убагында эмес. Мүмкүн болуучу кесепеттер: ишке ашыруу мөөнөттөрүн жылдыруу, камтууну кыскартуу, кадрларды жана спорттук резервди даярдоонун сапатынын төмөндөшү;
– курулуштун, жабдуунун жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн наркынын өсүшү. Мүмкүн болуучу кесепеттер: ушул Улуттук программаны ишке ашыруунун кымбатташы жана анын параметрлерин кайра карап чыгуу зарылдыгы;
3) социалдык жана кадрдык:
– квалификациялуу машыктыруучулардын, калыстардын жана шахмат боюнча билим берүүчү адистердин тартыштыгы. Мүмкүн болуучу кесепеттер: спортчуларды даярдоонун сапатынын төмөндөшү, региондук жана инклюзивдик багыттардын өнүгүүсүнүн басаңдашы;
– үй-бүлөлөрдүн, мектептердин жана жергиликтүү жамааттардын балдарды шахматтык билим берүүгө тартууга мотивациясынын жетишсиздиги. Мүмкүн болуучу кесепеттер: балдарды программалар менен аз камтуу жана массалык көрсөткүчтөргө жетпей калуу;
4) экологиялык жана климаттык:
– бул категориядагы тобокелдиктердин шахмат чөйрөсү үчүн чектелген мааниси. Ошону менен бирге айрым региондордогу жагымсыз аба ырайы иш-чаралардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн оорлотушу мүмкүн. Мүмкүн болуучу кесепеттер: айрым региондук иш-чараларга катышуунун азайышы;
5) маалыматтык жана санариптик:
– шахматчылардын бирдиктүү санариптик платформасын жана базасын өз убагында киргизбөө. Мүмкүн болуучу кесепеттер: башкаруунун ачыктыгынын төмөндөшү жана натыйжаларга сапаттуу мониторинг жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги;
– колдонуучулардын санариптик сабаттуулугунун деңгээли, анын ичинде региондордо жетишсиз. Мүмкүн болуучу кесепеттер: санариптик сервистердин жана онлайн окутуунун жеткиликтүүлүгүнүн чектелиши;
6) тышкы жана эл аралык:
– эл аралык мелдештерге катышуу шарттарынын өзгөрүшү, гранттык жана эксперттик колдоонун көлөмүнүн төмөндөө мүмкүндүгү. Мүмкүн болуучу кесепеттер: эл аралык мелдешүү практикасынын интенсивдүүлүгүнүн төмөндөшү жана алдынкы методикаларга жеткиликтүүлүктүн чектелиши;
– эл аралык турнирлерди жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө таасир этүүчү форс-мажордук жагдайлар. Мүмкүн болуучу кесепеттер: айрым эл аралык иш-чараларды жылдыруу же өткөрбөө.
§ 3. Тобокелдиктерди башкарууга карата ыкмалар
Аталган тобокелдиктерди башкаруу иш-чараларды пландоо, мамлекеттик органдар менен ушул Улуттук программанын башка катышуучуларынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү, тобокелдик факторлоруна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана иш-чараларды, ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана ресурстарын ыкчам корректировкалоо этабында тобокелдик факторлорун алдын ала аныктоо принциптеринде түзүлөт жана төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
– иш-чараларды этап-этабы менен пландоо жана каржылоо булактарын диверсификациялоо, анын ичинде гранттарды, демөөрчүлүк жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу;
– ушул Улуттук программанын ар бир багыты боюнча жооптуу аткаруучуларды бекитүү;
– кадрларды даярдоо максатында жогорку окуу жайлар жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүү;
– ушул Улуттук программанын 7-главасында каралган мониторинг жана натыйжалуулукту баалоо системасынын алкагында тобокелдик факторлоруна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү.
7-глава. Натыйжалуулукка мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Ушул Улуттук программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
– индикаторлорго жетишүүнү жыл сайын баалоо;
– көз карандысыз мониторинг;
– ачык отчеттуулук;
– жооптуу органдардын расмий ресурстарына маалымат жайгаштыруу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине квартал сайын отчет берүү;
– Кыргыз Республикасынын Президентине жыл сайын отчет берүү;
– натыйжалуулукту баалоонун жыйынтыгы боюнча иш-чараларды корректировкалоо.
Ушул Улуттук программаны ишке ашырууну координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүзөгө ашырат.
Ишке ашыруунун катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия;
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
– жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
– Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы;
– «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси;
– региондук шахмат федерациялары.