Редакцияот 19.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 19-октябрындагы № 792-т

 

Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк жана үлүштүк салымдарды төлөө менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрү үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн региондук борборунун субэсебине Кыргыз Республикасынын салымы боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө каттын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Өз ара түшүнүшүү жөнүндө катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

A.А. Касымалиев