Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры 749-VIII
«2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска
мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 25-сентябрындагы чыг. № 15-11875) «2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |