Редакцияот 22.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

  

2026-жылдын 22-октябры № 716

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин институттук өнүктүрүү ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жобосун жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

–           2-пункт «Кыргыз Республикасынын Конституциясын,» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин,» деген сөздөр менен толукталсын;

–           12-пунктта:

1-пунктчанын он экинчи, отузунчу жана кырк үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«– Министрликтин компетенциясынын чегинде жаңы финансылык инструменттерди жана механизмдерди, анын ичинде мамлекеттик карызды жеңилдетүү эсебинин каражаттарын түзүү жана пайдалануу механизмдерин, ошондой эле финансылык ресурстарды тартууга жана мамлекеттик финансылык активдерди жана милдеттенмелерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган башка инструменттерди иштеп чыгат жана ишке киргизет;

–           бюджеттер аралык мамилелер системасын өнүктүрүүнү жана анын иштешин, анын ичинде талдоону, мониторинг жүргүзүүнү жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону камсыз кылат;

–           бюджеттер аралык финансылык ресурстарды түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт;

–           реестрди бекитет жана мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоону ишке ашырат;

–           мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо методологиясын иштеп чыгат, инвестициялык демилгелерге финансылык-экономикалык талдоо жүргүзөт, ошондой эле мамлекеттик инвестициялык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;

–           Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун (мындан ары – Турукташтыруу фонду) башкаруунун аткаруу органынын функцияларын жүзөгө ашырат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин негизинде Турукташтыруу фондуна акча каражаттарын которууну камсыз кылат, анын эсептерин башкарат жана Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен иш-чараларды каржылоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзөт;

–           Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунан каражаттарды бөлүү жөнүндө чечимдеринин долбоорлорун карайт, ошондой эле Турукташтыруу фондунун каражаттарынын түшүшү жана пайдаланылышы жөнүндө отчет түзөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет;

–           программалык бюджеттөө системасын өнүктүрүүнү жана бюджеттик программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө мониторинг жүргүзүү жана алардын натыйжалуулугун баалоо механизмдерин киргизүүнү жүзөгө ашырат;

–           республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн тартибин иштеп чыгат;

–           бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана аны ишке ашыруунун бардык этаптарында Жарандык бюджетти түзүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат.»;

2-пунктчанын экинчи абзацында «, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн суммаларын, анын ичинде аларга карата колдонулган айыптарды жана пайыздарды» деген сөздөр «жана салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн суммаларын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– мамлекеттик финансыны башкаруу системасында электрондук аудит системасын түзүүнү, киргизүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана уюмдардын финансылык операцияларын автоматташтырылган талдоону, ошондой эле аналитикалык отчетторду түзүүнү жана финансылык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;»;

5-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарга, мамлекеттик бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча операцияларга, программалык негизде бюджеттерди түзүүгө, алардын аткарылышы жөнүндө отчетторго, ошондой эле фискалдык тобокелдиктерге карата методологиялык базаны иштеп чыгат жана өркүндөтөт;»;

–           17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 212-пунктча менен толукталсын:

«212) коррупциялык укук бузууларды жасоо же аларды жасоого азгыруу жөнүндө билдирүүлөрдү (расмий сайттар, жалпыга жеткиликтүү маалыматтык системалар, корголгон электрондук жана (же) мобилдик ишеним телефондору жана башка каналдар аркылуу) берүү үчүн атайын каналдарды түзүүнү жана иштешин камсыз кылат;».

2.      Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-октябрындагы № 80 (3840) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев