Редакцияот 22.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 22-октябры № 676

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17,18-беренелерине ылайык:

 

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 677 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

     

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин

курамы

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.

 

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы;

«Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы» кесиптик бирликтер уюмдарынын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

«Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин кыргыз бирлиги» юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);

«Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана оорукта эмгектенген ардагерлердин Республикалык Кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

«Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).