| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 22-октябрындагы № 355 Жарлыгы менен бекитилди) |
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана
популярдаштыруунун улуттук программасын ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планы
1-глава. Билим берүү системасындагы шахмат
2-глава. Спорттук резервди даярдоо
3-глава. Инфраструктураны өнүктүрүү
4-глава. Кадрдык өнүктүрүү
5-глава. Санариптик трансформация
6-глава. Инклюзивдик шахматты өнүктүрүү
7-глава. Аялдар шахматын өнүктүрүү
8-глава. Шахматты популярдаштыруу жана шахмат кыймылына калкты массалык түрдө тартуу
9-глава. Мыйзам чыгаруу системасын өркүндөтүү
10-глава. Эл аралык кызматташуу
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Жетишүү индикаторлору | Жооптуу аткаруучулар |
1-глава. Билим берүү системасындагы шахмат | ||||||
1 | «Мектептердеги шахмат» пилоттук долбоорун 500 жалпы билим берүү мектебине ишке киргизүү жана ишке ашыруу | 1) Агартууминдин буйругу менен 500 пилоттук мектептин тизмесин бекитүү | 2026-жыл | Талап кылынбайт | 500 мектептин тизмеси бекитилди | Агартуумин |
2) окуу программасын, МАМСТ, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу | 2026-жыл | РБ | Агартуумин тарабынан окуу программасы бекитилди | Агартуумин | ||
3) 500 мектепти окуу куралдары, шахмат комплекттери, демонстрациялык такталар жана шахматтык электрондук сааттар менен камсыз кылуу | 2026–2027-жылдар | РБ | 7540 шахмат комплекти; 15 000 окуу куралы; 502 демонстрациялык такта; 2540 электрондук саат; эмерек сатып алынды | Агартуумин, ФМ, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4) 500 мектепте шахмат окутуучуларынын штаттык бирдиктерин киргизүү | 2026–2027-жылдар | РБ | МК отчет берилди | Агартуумин, ИЖБИМ, ФМ, Спорт агенттиги | ||
5) пилоттук мектептер үчүн 500 педагогду даярдоо (квалификациясын жогорулатуу курстары) | 2026–2027-жылдар | РБ | 500 сертификатталган педагог даярдалды | Спорт агенттиги, Агартуумин, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
6) 10 ай өткөндөн кийин пилоттук долбоордун жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баалоо (КР Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 «2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы) | 2027-жылдын августу | Талап кылынбайт | МК аналитикалык отчет берилди | Агартуумин, Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
2 | Долбоорду бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мектептерине жайылтуу | 1) ЖОЖдордо педагогдорду даярдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2027–2028-жылдар | Аткаруучу-лардын каражаттары | ЖОЖдордун окумуштуулар кеңеши тарабынан программалар бекитилди | ИЖБИМ, Агартуумин, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) педагогикалык ЖОЖдордо «Шахматты окутуу» адистигин ачуу | 2027–2028-жылдар | Аткаруучу-лардын каражаттары | Окумуштуулар кеңешинин чечимдери кабыл алынды, лицензиялар алынды | ИЖБИМ, Агартуумин, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3) 2030-жылга 2000ден ашык педагогду даярдоо (пилоттук долбоордун натыйжасы оң баа берген учурда) | 2027–2030-жылдар | РБ, аткаруучу-лардын каражаттары | Жыл сайын педагогикалык ЖОЖдордон педагогдор чыгарылууда | ИЖБИМ, Агартуумин | ||
4) 2030-жылга карата башталгыч класстардын 30 %дан кем эмес окуучуларын этабы менен камтуу | 2026–2030-жылдар | РБ | 2030-жылга карата ≥ 30 % камтылды, МК отчет берилди | Агартуумин, ФМ | ||
2-глава. Спорттук резервди даярдоо | ||||||
3 | Спорттук вертикалды түзүү: мектеп секцияларынан (клубдардан) УШАга чейин | 1) УШАда үзгүлтүксүз окуу процессин уюштуруу, анын ичинде эл аралык гроссмейстерлерди тартуу менен | 2026-жылдан тартып, дайыма | ШӨФ, келечекте РБдан каржылоо мүмкүндүгү менен | Жыл сайын 2ден кем эмес эл аралык адис тартылууда | Спорт агенттиги, Агартуумин, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) студенттик шахматтык лиганы уюштуруу жана өткөрүү | 2026-жылдын күз мезгилинен тартып, жыл сайын | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | Студенттик шахматтык лига жөнүндө жобо бекитилди; жыл сайын турнир өткөрүлүүдө | ИЖБИМ, Спорт агенттиги, ММЖСМ, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4 | КР улуттук курама команданы даярдоо | 1) үзгүлтүксүз негизде ОМЖны өткөрүү | Жыл сайын план боюнча | ШӨФ, демөөрчүлөр | Жыл сайын кеминде 4 ОМЖ өткөрүлүүдө | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) улуттук курама команданын эл аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышуусун камсыз кылуу | ФИДЕ жана КШС календары боюнча | РБ, ШӨФ, демөөрчүлөр | Жыл сайын ≥10 эл аралык мелдештерге катышууда | Спорт агенттиги, ФМ, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3) улуттук курама команданы спорттук форма менен камсыз кылуу | Дайыма | ШӨФ | Толук камсыздоо жөнүндө отчеттор кабыл алынды | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4) ФИДЕ рейтинги боюнча дүйнөдөгү шахмат боюнча эң күчтүү 50 өлкөнүн катарына кирүү | 2026–2030-жылдар | РБ, ШӨФ | 2030-жылдын аягына карата ФИДЕнин рейтинги боюнча алдынкы 50 өлкөнүн катарына кирүү | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
5) улуттук курама команданы илимий-методикалык жана психологиялык коштоо | 2027-жыл | ШӨФ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө | Спорт агенттиги, ИЖБИМ, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3-глава. Инфраструктураны өнүктүрүү | ||||||
5 | УШАны түзүү | 1) УШАны коммерциялык эмес уюм катары түзүү, каттоо, жайгаштыруу | 2026-жыл | ШӨФ | УША түзүлдү, катталды, иштеп жатат | ЮМ, ИБ, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) ФИДЕ стандарттарына ылайык трансляциялык, техникалык жабдуу жана шахмат инвентары менен камсыздоо | 2026-жыл | РБ | Жабдууну сатып алуу камсыздалды | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
6 | Региондук шахмат инфраструктурасын түзүү | 1) региондордо 7 шахмат сарайын этап боюнча ишке киргизүү | 2027–2030-жылдар | РБ, ЖБ, МЖӨ | 2030-жылдын аягына карата ≥ 7 сарай эксплуатацияга берилди | Маммүлк, Спорт агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ФМ, КШС (макулдашуу боюнча), региондук шахмат федерациялары |
2) 100дөн кем эмес жаңы шахмат клубдарын жана секцияларын ачуу (2030-жылга карата жалпы санды 240ка чейин жеткирүү) | 2027–2030-жылдар | ЖБ, бюджеттен тышкары каражаттар | 2030-жылдын аягына 240 шахмат клубу жана секциясы түзүлдү | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3) мамлекеттик/муниципал-дык менчикте турган бош имараттарды/жер тилкелерин шахмат объекттерине өткөрүп берүү жана материалдык-техникалык жабдуу менен камсыздоо | 2027–2030-жылдар | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкары каражаттар | Мамлекеттик/муниципал-дык менчикте турган бош имараттар/жер тилкелери шахмат объекттерине өткөрүп берилди | Маммүлк, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4) парктарда жана коомдук жайларда шахмат аянтчаларын куруу жана ыңгайлаштыруу | 2027–2030-жылдар | ЖБ, бюджеттен тышкары каражаттар, демөөрчүлөр | Ар бир облустук борбордо шахмат аянтчаларынын курулушу камсыздалды | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КШС (макулдашуу боюнча) | ||
5) региондук федерацияларды жана клубдарды материалдык-техникалык колдоо | 2026-жылдан тартып, жыл сайын | Аткаруучу-лардын каражаттары, демөөрчүлөр | Региондук федерацияларга жана клубдарга материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү | Спорт агенттиги, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, КШС (макулдашуу боюнча), региондук шахмат федерациялары | ||
4-глава. Кадрдык өнүктүрүү | ||||||
7 | Шахмат тармагынын адистерин даярдоо, сертификаттоо жана квалификациясын жогорулатуу | 1) улуттук калыстардын квалификациясын жогорулатуу жана сертификаттоо курстарын жүргүзүү | 2026–2030-жылдар | РБ | 2030-жылдын аягына карата 150 калыс сертификатталды | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) ФИДЕ (Chess in Education FIDE) эл аралык курстары аркылуу окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу | 2027–2030-жылдар | Бюджеттен тышкары каражаттар | 2030-жылдын аягына карата 40 ФИДЕ эл аралык инструктору | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3) ФИДЕ эл аралык арбитрлерин даярдоо боюнча курстарды жана семинарларды өткөрүү | 2026–2030-жылдар | ШӨФ, бюджеттен тышкары каражаттар | 2030-жылдын аягына карата 16 ФИДЕ эл аралык арбитри | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4) ФИДЕ машыктыруучусу наамын алуу үчүн курстарды өткөрүү | 2027–2030-жылдар | ШӨФ, бюджеттен тышкары каражаттар | 2030-жылдын аягына карата 4 ФИДЕ машыктыруучусу | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
5) эл аралык мелдештердин уюштуруучулары үчүн курстарды өткөрүү | 2026–2030-жылдар | ШӨФ, бюджеттен тышкары каражаттар | 2030-жылдын аягына карата 8 сертификатталган уюштуруучу | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
6) ФИДЕнин расмий эрежелерин жана сунуштамаларын кыргыз тилине которуу жана басып чыгаруу | 2026–2027-жылдар | ШӨФ, бюджеттен тышкары каражаттар | Эрежелер 1000 нускада басып чыгарылды | Агартуумин, МТТСУК, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
5-глава. Санариптик трансформация | ||||||
8 | Шахматты башкаруунун бирдиктүү санариптик инфраструктурасын түзүү | 1) КШСнын үч тилдеги расмий сайтын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жыл | ШӨФ, демөөрчүлөр | Үч тилде колдонулуучу портал ишке киргизилди | КШС (макулдашуу боюнча) |
2) шахматчылардын бирдиктүү корголгон санариптик платформасын жана электрондук базасын түзүү | 2026-жыл | ШӨФ, демөөрчүлөр | Шахматчылардын верификацияланган базасы иштейт | КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3) алыскы региондор үчүн онлайн-окутуу модулдарын интеграциялоо | 2026–2027-жылдар | ШӨФ, демөөрчүлөр | Региондордон аралыктан окутууга жеткиликтүүлүк берилди | КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4) AI-аналитика жана технологиялык долбоорлор боюнча ЖОЖдор менен стратегиялык меморандумдарды түзүү | Дайыма | Талап кылынбайт | Меморандумдарга кол коюлду; биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда | КШС (макулдашуу боюнча), ИЖБИМ | ||
9 | Отчеттуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоо | 1) демөөрчүлүк каражаттардын финансылык дашборд системасын жана ачык-айкындуулук инструменттерин киргизүү | 2026–2027-жылдар | Аткаруучу-лардын каражаттары, демөөрчүлөр | Дашборддор системасы колдонулууда; маалымат КШС сайтына жарыяланууда | КШС (макулдашуу боюнча) |
6-глава. Инклюзивдик шахматты өнүктүрүү | ||||||
10 | ДМЧА үчүн жеткиликтүү шахмат инфраструктурасын түзүү | 1) ДМЧА арасында шахматтын абалын комплекстүү талдоону жүргүзүү | 2027-жыл | Гранттар, бюджеттен тышкары каражаттар | ЭСКММнын аналитикалык отчету берилди | Спорт агенттиги, ЭСКММ, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) инклюзивдик инвентарды (тактилдик тактайлар, кулакчындар ж.б.) сатып алуу жана берүү | 2027-жыл | Гранттар, бюджеттен тышкары каражаттар | Инклюзивдик инвентарь ДМЧАнын өкүлдөрү болгон уюмдарга берилди | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3) ЭСКММнын аналитикалык отчетуна ылайык адистештирилген акысыз шахмат секцияларынын тармагын түзүү | 2026-жылдан тартып, этап боюнча | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкары каражаттар | Инклюзивдик секциялар ишке киргизилди | Спорт агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4) ДМЧА менен иштөө боюнча адистерди даярдоо курстарын өткөрүү | 2026-жылдан тартып жыл сайын | РБ, гранттар | Инклюзивдик шахмат боюнча адистер сертификатталды | Спорт агенттиги, Агартуумин, ИЖБИМ, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
5) ДМЧАларды шахматка үйрөтүү үчүн окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | 2027–2028-жылдар | ШӨФ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Кеминде 3 аталыштагы окуу куралы басылып чыкты жана таратылды | Агартуумин, Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
11 | Мелдештер иши жана эл аралык өкүлчүлүк | 1) жыл сайын инклюзивдик улуттук турнирлерди уюштуруу | Жыл сайын | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Жыл сайын кеминде 1 улуттук инклюзивдик турнир өткөрүлөт | Спорт агенттиги, ФМ, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) ДМЧА арасында КР улуттук курама командасын түзүү жана эл аралык мелдештерге катышуу | 2027-жылдан тартып жыл сайын | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | 1ден кем эмес эл аралык мелдешке катышуу | Спорт агенттиги, ФМ, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
7-глава. Аялдар шахматын өнүктүрүү | ||||||
12 | Шахмат кыймылына аялдар менен кыздардын катышуусун кеңейтүү | 1) аялдар шахматын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жыл | Талап кылынбайт | Иш-чаралар планы бекитилди | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) аял-машыктыруучулар-ды, калыстарды жана уюштуруучуларды даярдоонун адистештирилген курстарын өткөрүү | 2026–2030-жылдар | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | 2030-жылдын аягына чейин кеминде 20 сертификатталган аял-адис даярдалды | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
3) шахмат боюнча аялдар арасында жыл сайын өткөрүлүүчү КР чемпионатын уюштуруу | 2026-жылдан тартып жыл сайын | РБ, ШӨФ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Жыл сайын өткөрүлүүчү чемпионаттардын протоколдору даярдалды; аял катышуучулардын саны көбөйдү | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
4) региондордогу шахматчы кыздар үчүн насаатчылык жана билим берүү программаларын ишке ашыруу | 2027-жылдан тартып жыл сайын | ШӨФ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | 2030-жылдын аягына чейин жыл сайын программанын кеминде 50 катышуучусу | Спорт агенттиги, Агартуумин, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
13 | КРнын аялдар курама командасынын эл аралык мелдештерге катышуусун камсыздоо | 1) аялдар курама командасынын дүйнө, Азия чемпионаттарына жана дүйнөлүк шахмат олимпиадаларына катышуусу | ФИДЕ календары боюнча | РБ, ШӨФ | ФИДЕ календары боюнча мелдештерге жыл сайын катышуу | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) |
8-глава. Шахматты популярдаштыруу жана шахмат кыймылына калкты массалык түрдө тартуу | ||||||
14 | Бардык деңгээлдердеги массалык мелдештердин системасы | 1) республиканын бардык мектептеринде жыл сайын шахмат айлыгын өткөрүү | Жыл сайын | Аткаруучу-лардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Республиканын бардык мектептеринде жыл сайын шахмат айлыгы өткөрүлөт | Агартуумин, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) ата мекендик алдынкы шахматчылардын жана чет өлкөлүк гроссмейстерлердин катышуусунда мастер-класстарды, лекцияларды жана бир эле мезгилде ойнолуучу сеанстарды өткөрүү | Үзгүлтүксүз | Аткаруучу-лардын каражаттары, демөөрчүлөр | Отчеттор жана медиа материалдар жарыяланды | КШС (макулдашуу боюнча), Спорт агенттиги | ||
3) жыл сайын райондун акиминин кубогуна турнир өткөрүү | Апрель, жыл сайын | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЖМАнын токтому кабыл алынды; бардык райондордо турнирлер өткөрүлөт | ЖМА | ||
4) жыл сайын КРП облустардагы ЫУӨ кубогуна турнир өткөрүү | Июнь, жыл сайын | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | КРП облустардагы ЫУӨ чечими кабыл алынды; бардык облустар, Бишкек жана Ош шаарлары камтылды | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | ||
5) жыл сайын балдар жана чоңдор арасында эл аралык турнир өткөрүү (КР Президентинин кубогу) | Август, жыл сайын | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар, демөөрчүлөр | КР Президентинин тескемеси кабыл алынды; күчтүү шахматчылардын катышуусу | ПА, Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
6) КР Президентинин «Мыкты шахматчы» жана «Мыкты машыктыруучу» атайын сыйлыктарын белгилөө жана жыл сайын тапшыруу | Декабрь, жыл сайын | РБ, ШӨФ | Жыл сайын өткөрүлүүчү салтанаттуу аземди өткөрүү; дипломдорду тапшыруу | ПА, Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
7) ардагерлердин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү КР чемпионатын уюштуруу | Жыл сайын | Бюджеттен тышкаркы каражаттар, ШӨФ, демөөрчүлөр | Протоколдор кабыл алынды; катышуучулардын саны көбөйдү | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
8) мамлекеттик органдардын арасында турнирлерди өткөрүү | Бекитилген календарь боюнча | Бюджеттен тышкаркы каражаттар, төгүмдөр | Протоколдор кабыл алынды; катышуучулардын саны көбөйдү | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
9) корпоративдик мелдештерди өткөрүү | Макулдашуу боюнча | Бюджеттен тышкаркы каражаттар, төгүмдөр | Мелдештер өткөрүлүүдө; бизнес-коомчулук жана башка уюмдар тартылды | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
10) шахматчылардын санын 100 миң адамга чейин көбөйтүү | 2026–2030-жылдар | Талап кылынбайт | Шахматчылардын саны 2030-жылдын аягына чейин 100 000ге чейин көбөйдү | КШС (макулдашуу боюнча), Спорт агенттиги | ||
15 | Шахматты ЖМКларда маалыматтык чагылдыруу жана популярдаштыруу | 1) медиа өнөктүгүн өткөрүү (ТВ, радио, интернет, социалдык тармактар) | Дайыма | РБ, ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Республикалык каналдарга медиа чыгуулар үзгүлтүксүз камсыздалды | ММЖСМ, УТРК, Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) ЖМКлар менен стратегиялык кызматташтык жөнүндө меморандумдарды түзүү | Дайыма | Талап кылынбайт | Меморандумдарга кол коюлду; эфирге чыгуулар үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылат | КШС (макулдашуу боюнча), Спорт агенттиги | ||
9-глава. Мыйзам чыгаруу системасын өркүндөтүү | ||||||
16 | Шахматты өнүктүрүүнүн ченемдик укуктук базасын түзүү | 1) шахмат чөйрөсүндөгү ЧУАны инвентаризациялоо жана өркүндөтүү | Дайыма | Талап кылынбайт | Тармактык ЧУА киргизилди / кабыл алынды | Спорт агенттиги, ЮМ, Агартуумин, ФМ |
2) машыктыруучулар үчүн милдеттүү талап катары педагогикалык билимдин болушун караган ЧУАны кайра кароо | 2027-жыл | Талап кылынбайт | ЧУА киргизилди / кабыл алынды | ИЖБИМ, Агартуумин | ||
3) спорттун артыкчылыктуу түрлөрүнүн республикалык тизмесин кайра кароо – шахматты киргизүү | 2026-жыл | Талап кылынбайт | МКнын тескемеси / Спорт агенттигинин буйругу кабыл алынды | ЮМ, Спорт агенттиги | ||
4) шахматтын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу чараларын иштеп чыгуу | 2027-жыл | РБ | КР Мыйзамынын / ЧУАнын долбоору кароого киргизилди | ИУА, МСК, ФМ | ||
5) шахмат клубдарынын уюштуруучулары болуп саналган же демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн юридикалык жактарга салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү | 2027-жыл | РБ | КР Мыйзамынын / ЧУАнын долбоору кароого киргизилди | ЭКМ, Спорт агенттиги, МСК, ФМ | ||
10-глава. Эл аралык кызматташуу | ||||||
17 | Эл аралык шахмат уюмдары менен өнөктөштүктү өнүктүрүү | 1) ФИДЕ, улуттук федерациялар, шахмат академиялары менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүү | 2026–2027-жылдар | Талап кылынбайт | Кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду | КШС (макулдашуу боюнча), Спорт агенттиги |
2) КРге мастер-класстар жана ОМЖ үчүн алдынкы чет өлкөлүк гроссмейстерлерди жана машыктыруучуларды тартуу | Жыл сайын | РБ, ШӨФ, демөөрчүлөр | Жыл сайын 2ден кем эмес чет өлкөлүк адис тартылууда | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) | ||
18 | КРде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана тышкы каржылоону тартуу | 1) ФИДЕнин календарына киргизүү менен КРде эл аралык шахмат турнирлерин уюштуруу | 2027-жылдан тартып жыл сайын | РБ, ШӨФ, демөөрчүлөр | Жыл сайын КРде 2ден кем эмес эл аралык турнир өткөрүлүүдө | Спорт агенттиги, КШС (макулдашуу боюнча) |
2) эл аралык уюмдардын гранттарын жана техникалык жардамын тартуу | 2027–2030-жылдар | Гранттар, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Жылына 1ден кем эмес гранттык долбоор камсыз кылынды | КШС (макулдашуу боюнча), ЭКМ | ||
Кыскартуулардын тизмеси
| ||
ПА | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
ЖОЖ | – | жогорку окуу жайы |
Маммүлк | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
Спорт агенттиги | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
МАМСТ | – | Мамлекеттик билим берүү стандарты |
МСК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МЖӨ | – | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
МК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
КР | – | Кыргыз Республикасы |
КШС | – | «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси |
ДМЧА | – | ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар |
ЖБ | – | жергиликтүү бюджет |
ЖМА | – | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ММЖСМ | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
Агартуумин | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ИУА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
УША | – | Улуттук шахмат академиясы |
МТТСУК | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
ЧУА | – | ченемдик укуктук акт |
УТРК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы |
КРП облустардагы ЫУӨ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
РБ | – | республикалык бюджет |
ЖМК | – | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ИБ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
ОМЖ | – | окуу-машыгуу жыйындары |
ФИДЕ | – | Эл аралык шахмат федерациясы |
ШӨФ | – | Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду |