САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-августу №68
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын” алкагында Октябрь айылынын башкы планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
Токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын” (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №313 токтомунун редакциясына ылайык) калктуу конуштарды башкы пландар менен камсыз кылуу максатында Октябрь айылынын башкы планы берилген сунуштар, өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кабыл алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Октябрь айылынын башкы планы боюнча берилген сунуштар, өзгөртүүлөр, толуктоолорду кызыкдар тараптар менен бирге башкы планга киргизүү менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.
Төрага |
А.Осмоналиев |