САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-августу №70
“Пионердин 50 жылдыгы” жалпы билим берүү комплекси мекемесине Савай айылынын тургуну Адылжан Абытовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы кезексиз XX отурумунун протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык аймагынын Курбан-Кара айылынын 2026-жылдын 18-июлундагы №4, айылдык округунун кеңешинин социалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 21-августундагы протоколдорунун негиздеринде “Пионердин 50 жылдыгы” жалпы билим берүү комплекси мекемесине Савай айылынын тургуну Адылжан Абытовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн Савай айылдык округунун Курбан-Кара айылындагы “Пионердин 50 жылдыгы” жалпы билим берүү комплекси мекемесине Савай айылынын тургуну Адылжан Абытовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө Савай айылдык округунун кеңешинин чечимин колдоп берүү жагы суралсын.
3. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө, Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин директоруна Курбан-Кара айылындагы “Пионердин 50 жылдыгы” жалпы билим берүү комплекси мекемесине Савай айылынын тургуну Адылжан Абытовдун ысымын ыйгаруу боюнча чараларды уюштуруу жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын социалдык саясат, мамлекеттик тил, маданият, социалдык коргоо боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Осмоналиев |