САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-августу №73
Савай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 25-августундагы №01-13/2493 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” № 689-XII Мыйзамынын 4-5-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 30-беренесинин, Савай айылдык округунун кеңешинин кезексиз отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Савай айылдык округунун аймагында айылдардагы граждандардын өздүк эмгек кирешелеринин эсебинен тургузула турган үйдүн адам жашай турган жана жалпы аянтынын максималдык өлчөмү турак үйдү курууга бөлүнгөн жер участогунун аянты 0,03 сотых болуп белгиленсин.
2.Савай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” № 689-XII Мыйзамынын негизинде жаранадардын жашай турган жана жалпы аянтынын минималдык өлчөмүн сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.