САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-августу №74
Савай айылдык аймагынын Октябрь айылындагы Октябрь-4 көчөсүнө Жоошбеков Сулаймандын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин , Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы кезексиз отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Октябрь айылындагы Октябрь-4 көчөсүнө Улуу Ата-Мекендин жана Япон согуштарынын катышуучусу Жоошбеков Сулаймандын ысмы ыйгарылсын
2.Савай айыл өкмөтүнө Октябрь айылындагы Октябрь-4 көчөсүнө Улуу Ата-Мекендин жана Япон согуштарынын катышуучусу Жоошбеков Сулаймандын ысмын ыйгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин негизинде иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын этика, мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Осмоналиев |