САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-августу №76
Савай айылдык аймагынын Курбан-Кара айылындагы №5-04-14-1004-0112 идентификациялык номерлүү 1722,25 м2 жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексининин, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы кезексиз отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11,12,19-беренелеринин негизинде Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон Савай айыл аймагындагы Курбан-Кара айылындагы №5-04-14-1004-0112 идентификациялык номерлүү 1722,25 м2 жер тилкеси боюнча Савай айыл өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын.
2.Савай айыл өкмөтүнө Курбан-Кара айылындагы №5-04-14-1004-0112 идентификациялык номерлүү 1722,25 м2 жер тилкеси боюнча Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Осмоналиев |