Редакцияот 22.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 22-сентябры №39/XII-29

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин

киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө

 

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн азайышы жөнүндө социалдык –экономикалык бөлүм башчысы Н.К. Бектемированын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгына ылайык, Кочкорбаев айылдык кенеши токтом кылат:

1.  2025-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин киреше бөлүгүн салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча 4 490,8 (төрт миллион төрт жүз токсон миң сегиз жүз) сомго азайтуу;

-11312 – “кыймылдуу мүлк”салыгы 2 797,8 (эки миллион жети жүз токсон жети миң сегиз жүз) сомго;

-11321200- “Айыл чарба жерлерине тиейшелүү жер участогуна мүлк салыгы 1693,0 (бир миллион алты жүз токсон үч миң) сомго.

2.  2025-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин чыгаша бөлүгүн төмөнкү бөлүмдөр боюнча 4490,8 (төрт миллион төрт жүз токсон миң сегиз жүз) сомго азайтуу:

Бөлүм 70629 “ТЖКЧ”

-2215-ст. “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 865,8 миң сом суммасына;

-2221-ст. “Учурдагы оңдоого” 860,0 миң сом суммасына;

-3111-ст. “Имараттар жана курулмалар”2765,0 миң сом суммасына.

-  аймагынын жергиликтүү бюджетине;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Э. Токбергенов