Редакцияот 05.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VII-чакырылышынын 3-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну  №1

Ноокат шаарынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

       Ноокат шаарынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүүгө   макулдук берүү  жөнүндө, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   34-беренесине таянып, Ноокат шаардык кенешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын берген корутундусуна  ылайык, Ноокат шаардык   кенешинин отуруму  т о к т о м   к ы л а т :
1.Ноокат шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын  бекитүүгө макулдук берилсин
2.Ушул токтомду массалык  маалымат каражаттарында жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн  Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

3.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик  реестрине   киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Мыйзамдуулукту,  укук тартибин  сактоо, өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери  маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

М.Эгембердиев