Редакцияот 05.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VII-чакырылышынын 3-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну  №3

Ноокат шаар аймагындагы көчөлөрдүн реконструкциялоо иштерин баштоо үчүн авариялык абалдагы жана инженердик инфраструктурага зыян келтирип жаткан дарактартарды алып салууга макулдук берүү жөнүндө

       Ноокат шаар аймагындагы Ленин жана А.Лутфуллаев көчөлөрүнүн реконструкциялоо  иштерин баштоо  үчүн авариялык  абалдагы жана инженердик инфраструктурага  зыян келтирип  жаткан дарактартарды алып салууга (кесип), ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине таянып жана экологиялык ченемдик укуктук актыларга ылайык,  Ноокат шаардык кенешинин Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча  туруктуу комиссиясынын  берген корутундусуна  ылайык,  Ноокат шаардык кенешинин     отуруму т о к т о м    к ы л а т :

  1. Ноокат шаар аймагындагы Ленин жана А.Лутфуллаев  көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында, атайын түзүлгөн комиссиянын текшерүү актысынын негизинде, авариялык абалдагы, куурап калган жана инженердик инфраструктурага (коммуникацияларга) олуттуу зыян келтирип жаткан бак-дарактарды алып  (кесип) салууга макулдук берилсин.                                                                                                                                                      2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Муниципиалдык менчик департаментине   төмөнкүлөр милдеттендирилсин:                                                                                                                                                                    

  -Бак-дарактарды кесүү (алып салуу) иштерин коопсуз эрежелерин так сактоо менен өз убагында жүргүзүү                                                                                                                                                                                 

         -Кыюу иштери жүрүп жаткан  жерлерде жөө жүргүнчүлөр жана автоунаалар үчүн коопсуздук белгилерин орнотуу;                                                                                                                                     

      - Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Муниципиалдык менчик департаментине    реконструкциялоо жана жашылдандыруу  планынын алкагында, кыйылган дарактардын ордуна  күз-жаз айларында  компенсациялык тартипте жаңы  көчөттөрдү отургузуу долбоорун  иштеп чыксын жана актарылышын көзөмөлдөсүн.                                                                                              

 3.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.

 4.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик  реестрине  киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 5.Бул токтом Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 6.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу    Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелр жана энергетика  маселелри боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

М.Эгембердиев