Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 15-январы № 4-1
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган айылдык бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине 3 пунктуна ылайык депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 4-сессиясы өзгөртүү толуктоолор менен
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2025-жылга А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 40 459 300 (кырк миллион төрт жүз элүү тогуз миң үчжүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. 2025-жылга карата үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык, тамарка жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын эсептөөдө колдонулуучу зоналык коэффиценти 1,2 эсебинде бекитилсин.
3. Турак жай үчүн төлөнүүчү тамарка салыгы 0,01га жер үчүн 10 сомдон төлөнгөн салык 15сомго көтөрүлсүн.
4. Тамарка салыгын жыйноодо 600 кожолукка атайын жеңилдик берилсин, алар (пенсионерлер-300, аз камсыз үй-бүлөөлөр-150, 5 баладан көп баласы бар үй-бүлөлөр-80, Ооган ардагерлери-19, Баткен-5, ЧАЭС-6, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер-40)
5. Жеңилдик алган жарандардын тамарка аянты 0,15гадан ашса, ашыкча аянты үчүн тамарка салыгын төлөө жагы милдеттендирилсин.
6. 2025-жылга карата айыл аймактагы ар бир кожолукка таштанды салыгы 100 (бир жүз) сом жана ишкерлер үчүн ар бир ишчи башына 100 (бир жүз) сомдон белгиленсин.
7. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
8. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2027- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2 тиркемеге ылайык колдоого алынсын. (тиркеме тиркелет)
9. Кирешенин болжолу 2026-жылга 43 641 000 сомго жана 2027-жылга 47 651 000 сомго бекитилсин. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2027- жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
10. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген суммадан ашкан акча каражаттарын Финансы министирлигинин планына киргиздирип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ували уулу Тынычбекке милдеттендирилсин.
11. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
12. 2025-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
13. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык– экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ували уулу Тынычбекке милдеттендирилсин.
14. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономика боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төраганын орун басары Ч.Самиев