Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 15-январы № 4-3
Тазалык” муниципалдык ишканасына тарифтерди бекитип берүү жөнүндө
2023-жылдын 29-декабрь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 токтому жана убактылуу жобосунун негизинде А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт, таза суу, тазалык жана агын суу боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү 2025-жылдын 13-январындагы чыгыш № 1 сандуу катын кезектеги сессияда карап, талкуулап А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан берилген сунушу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-статьясынын 11-беренесине таянып, сугат суу 0,01га үчүн 15 (он беш) сом ал эми таштандыларды алып чыгуу үчүн айына киши башына 20 (жыйырма) сомдон жана айыл аймакта жайгашкан ресторан, кафе, ашканалар -1столуна -55сом,нан жапкан ар бир тандырга -550 сом,тейлөө тармактары чач тарач, тигүү ишканалары, бут кийим оңдоочу жай, сүрөткана, кийим тазалоочу ж.б жайларда эмгектенген ар бир жумушчуга -100 сомдон, касапканалар ар бири -700 сомдон, административдик жана мекеме ишканаларда иштеген ар бир адамга -100 сом, поликлиника жана ФАПтарда иштеген бир кызматчыга -100 сомдон, мектеп, гимназия жана бала бакчаларындагы ар бир бала үчүн -100 сомдон ал эми керек жарак үй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлору чай жана майда дүкөндөр ар бир чарчы метр аянты үчүн-30сом, күнүмдүк керектелүүчү азыктарды сатуучу соода дүкөндөрү бир чарчы метр аянты үчүн 27 сом, базарда соода кылган ар бир чарчы метр аянтына 25сомдон, кайра иштетүү, чоң жана кичи өндүрүш ишканалары бир чарчы метр аянты үчүн 25сом, унаа оңдоочу жана жуучу жайлар чарчы метр аянты үчүн -58сом, ал эми май куйуучу жайлар бир чарчы метр аянты үчүн 20 сомдон акы төлөөсүнө макулдук берилсин.
2. Жайыт жерлерине орнотулган уюлдук телефондордун антенасына берилген 0,035га жер аянты үчүн ижара акысы-2000сом бир айына, чөп чабынды 1,0га жайыт жери үчүн-1500сом, техника менен орулчу 1,0га жери үчүн-2500сом, жайыт ичиндеги айдоо 1,0га жер үчүн -7000сом, жайыт жерлериндеги өздөштүрүлгөн 1,0га бак үчүн 3000сомдон жана жайыт жерлерине бал челек койуп пайдаланса бир уясы үчүн-50сомдон ал эми жайыт пайдалануучулар үчүн, бодо мал -20сом, эки жашка чейинки бодо малдарга -15сом, жылкы башына -30сом, эки жашка чейинки жылкы башына 15сомдон, эне койлор -15сом, токтулар -7сом, эчкилер-30сомдон, чебичтер -15сом жана башка район, айыл өкмөттөрдөн келген мал жандыктары үчүн -40сом тарифи бекитилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну А.Мирмахмудов атныдагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Айтиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Ч.Самиев |