А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 5-2
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин кайра пайдалануу фондунун жерлерине 2025-жылга карата ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине, 2025-жылга карата ижара акысынын өлчөмүн аныктап, бекитип берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 –НИ буйругунаа өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бекитилген Жобонун талаптарына ылайык, Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине 2025-жылга карата ижара акысынын өлчөмүн аныктап, бекитип берүү максатында, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ю.Сайтбаевге жүктөтү лсүн.
3. Ушул токтом Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кенешинин экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Ч.Самиев |