Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясы

 

2025-жылдын 27-февралы № 5-5

Ат майданын уюштуруу жөнүндө

    А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына караштуу Арал айылында жайгашкан багыты боюнча ыңгайсыз жайыт жеринен ат майданын уюштуруп,спорттук иш чараларды өткөрүүгө шарт түзүү максатында берилген сунушту, айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу  комиссиясынын талкуусун угуп,  Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 10-15-бөлүмдөрүнүн жана 34-беренесинин талаптарына таянып  А.Мирмахмудов  айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясы

                                                            Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1.    А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына караштуу Арал айылында жайгашкан багыты боюнча ыңгайсыз  жайыт жеринен ат майданын уюштуруп,спорттук иш чараларды өткөрүүгө шарт түзүү максатында берилген сунушту, айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу  комиссиясынын макулдугу менен жактырылсын.

2.    Аталган ат майданын иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуулугун кароо жагын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ю.Сайтбаевге жүктөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл дык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу     комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төраганын орун басары

 

Ч.Самиев