Редакцияот 24.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 7-сессиясы

 

2025-жылдын 24-июну № 7-1

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2025-жылдын 11-июнундагы үнөмдөлгөн бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндөгү №111 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө

  А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүн максат кылып, жергиликтүү бюджетинин тартыштыгынан  каралган акча каражатты үнөмдүү пайдалануу, Мирмахмудов айыл аймагында инфраструктураны жакшыртуу менен  2024-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган 5 457,0 (беш миллион төрт жүз элүү жети миң) сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү, кечиктирилгис иштерди аткаруу  максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т

  1. 2024-жылдан   үнөмдөлүп калган бюджеттик калдыгынан А.Мирмахмудов айыл аймагындагы Кара Кокту айылында жайгашкан көпүрөнү жаңыдан куруу  максатында  500,0 (беш жүз миң) сом, ал эми  айыл аймакта эпизотиялык абалды туруктуу сактоо  максатында ар кандай жугуштуу ооруулар менен өлгөн жаныбарларды жана атылган жапайы ит мышыктарды күйдүрүп жок кылуу үчүн атайын «Беккари чуңкурун» куруу иштерине 795,0  (жети жүз токсон беш  миң) сом, Кара Кокту айылынын жашоочуларын таза ичимдик суу менен камсыздоо үчүн 438,5 (төрт жүз отуз сегиз  миң беш жүз) сом, айыл аймактагы ички көчөлөргө шагыл салуу иштерине 330,0 (үч жүз отуз миң) сом жана 2025-жыл ичинде көчөлөргө асфальт  төшөө иштерине 3 393 500 (үч миллион үч жүз токсон үч миң беш жүз) сом каражат бөлүштүрүлсүн.    

2.    Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматов жана ФЭБ башчысы Ували уулу Тынычбекке жүктөтүлсүн.

3.    Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин  бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төраганын орун басары

 

Ч.Самиев