Редакцияот 24.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 7-сессиясы

 

2025-жылдын 24-июну № 7-3

“Тазалык” муниципалдык ишканасына тарифтерди бекитип берүү жөнүндөгү №4-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

  2023-жылдын 29-декабрь Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  №735 токтому жана убактылуу жобосунун негизинде А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тазалык” муниципалдык ишканасы түзүлүп, таштандылар үчүн тарифи бекитилп берилген.  Тазалык муниципалдык ишканасынын  берген  сунуш катын кезектеги  сессияда  карап, талкуулап А.Мирмахмудов айылдык  кеңешинин кезектеги 7-сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

  1. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы  “Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитип берүү” жөнүндөгү №4-3 токтомунун 1-пунктундагы киши башына деген сөзү, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө» Мыйзамынын   34-статьясынын 2-беренесине 1-пунктуна таянып, чыгарылган бир кап таштанды үчүн 40 (кырк) сом деген сөз менен алмаштырылсын.
  2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Айтиевге милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча   туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төраганын орун басары

 

Ч.Самиев