Редакцияот 09.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 11-сессиясы

 

2025-жылдын 9-октябры № 11-8

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары тарабынан берилген сунуш катын кароо жөнүндө

 А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары тарабынан 2025-жылдын 9-октябрындагы №214 сандуу сунуш каты берилип, Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 3-октябрындагы №01-3/856 сандуу катынын негизинде, ошондой эле КРнын Салык кодексинин 388- 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэфиценттер 1,0 (Кз) жана базалык салыктык нарк 200 (БСН) болуп бекитип   берүүнүн суранган. Жогорудагы маселени кароо максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  комитетинин отурумунда каралган протоколунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына таянып,  А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                    Т О К Т О М   К Ы Л А Т:                                           

  1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары тарабынан 2025-жылдын 9-октябрындагы берилген №214 сандуу сунуш каты канааттандырылсын.
  2.  Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 3-октябрындагы №01-3/856 сандуу катынын негизинде, ошондой эле КРнын Салык кодексинин 388- 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэфиценттер 1,0 (Кз) жана базалык салыктык нарк 200 (БСН) болуп бекитилсин.    
  3.  Ушул токтомдун мыйзмадуу аткарылышын айыл өкмөт башчысынын орун басары Дилмурат Абдурахмановко жана айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Ували уулу Тынычбекке   милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрага

 

Ч.Самиев