Редакцияот 09.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 11-сессиясы

 

2025-жылдын 9-октябры № 11-9

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары тарабынан берилген сунуш катын кароо жөнүндө

 А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын жашоо абалын жакшыртууну максат кылып, айыл өкмөт башчысынын орун басары тарабынан 2025-жылдын 9-октябрындагы №214 сандуу сунуш каты берилип, Барын айылынын Гафур Гулям атындагы көчөсүнүн 425м жерин  асфальтоо максатында жергиликтүү бюджет эсебинен асфальт сатып берүүгө уруксаат  берүүнүн суранган.  Жогорудагы маселени кароо максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттарынын  бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  комитетинин отурумунда каралган протоколунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына таянып,  А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                   Т О К Т О М   К Ы Л А Т:                                           

  1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары тарабынан 2025-жылдын 9-октябрындагы берилген №214 сандуу сунуш каты канааттандырылсын.
  2.  Барын айылындагы Гафур Гулям атындагы көчөсүнүн 425м жерине асфальт басуу үчүн, керектелүүчү даяр асфальт сатып алып берилсин. Асфальт сатып алуугаз мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде каржылансын. 
  3. Бөлүштүрүлгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүм жана беренелерге отургузуп, камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Ували уулу Тынычбекке жана айыл өкмөт башчысынын орун басары Дилмурат Абдурахмановко милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрага

 

Ч.Самиев