Редакцияот 23.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

18-сессиясы

 

2026-жылдын 23-апрели  №7

 

Арбын айылындагы Достук-1 көчөсүнүн атын эмгектин ардагери, алгачкы механизатор, айылга көп жылдык эмгеги сиңген Назарали атанын ысымына алмаштыруу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34,39-беренелерине, Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобого таянып жана Арбын айылындагы Достук-1 көчөсүнүн атын эмгектин ардагери, алгачкы механизатор, айылга көп жылдык эмгеги сиңген Назарали атанын ысымына алмаштыруу тууралуу жамааттардын жалпы жыйынын чечими тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Арбын айылындагы Достук-1 көчөсүнүн атын эмгектин ардагери, алгачкы механизатор, айылга көп жылдык эмгеги сиңген Назарали атанын атына өзгөртүү  тууралуу ошол көчөнүн жашоочуларынын сунушу жактырылып, макулдук берилсин.

2.     Аталган көчөгө “Назарали ата” деген көчөгүн аталышы, үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу менен көчөгө аты коюлган инсандын жаркын элесин түбөлүккө сактап, көчөнүн үлгүлүү алдыңкы көчө кылып сактоо жагы көчөгө аты коюлган маркумдун бала-чакасына, жакын тууган-уруктарына милдеттендирилсин.

3.     Бул токтом тиркемелери менен айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.     Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Шадыбекова токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.     Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

  

Төрага

 

О.С. Абдырахманов