КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
19-сессиясы
2026-жылдын 25-июлу №11
2026-жылдын алты айлык жыйынтыгы боюнча жайыт комитетинин жетекчисинин отчёту
Айыл өкмөтүнүн алты айлык жыйынтыгы боюнча жайыт комитетинин жетекчисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалын угуп жана талкуулап, 2026-жылдын 31-январындагы № 15-2 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолорду жүргүзүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жетекчисинин 2026-жылдагы алты ай ичинде аткарылган иштери “канааттандырарлык эмес” деп табылсын.
2.2026-жылдын алты ай ичинде аткарылган иштеринин абалын кайрадан текшерип, карап чыгуу жер, суу чарба жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бактыбекке жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |