КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
19-сессиясы
2026-жылдын 25-июлу №12
“Арбын таза суу” ишканасынын мектептерде, бала бакчаларда таза суу кызмат акысын төлөп берүү боюнча
Кеңеш айылдык кеңештин депутаты Мамажунусова Айгүлдүн арызынын негизинде калкка кызмат көрсөтүүдө таза суу менен камсыз кылууда, алардын кызмат акысын төлөп берүү боюнча тарифтерин мыйзам чегинде бекитүү максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Арбын таза суу” ишканасынын мектептерде, бала бакчаларда таза суу кызмат акысынын тарифи мыйзам чегинде эсептелинип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен
28 516 сом төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |