КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
19-сессиясы
2026-жылдын 25-июлу №13
Айжан” балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү жөнүндө
“Айжан” балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү тууралуу ата-энелердин суроо-талаптарын угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 17-июлундагы № 01-01-33/935 сандуу катына ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Айжан” балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде даярдап, берүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |