КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
19-сессиясы
2026-жылдын 25-июлу №16
Айыл аймактагы Арбын айылындагы эски мечиттин ордун “Кеңеш” муниципалдык ишканасына пайдалануу үчүн бөлүп берүү боюнча
Айыл аймактагы жарандардын суроо-талаптарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Арбын айылындагы эски мечиттин орду 0,2 га жери “Кеңеш” муниципалдык ишканасына буюм-терим, техникалык каражаттарды коюу үчүн бөлүп берилсин.
2.Эски мечиттин орду 0,2 га жерди бөлүштүрүп, камсыз кылуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3.Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бактыбекке жүктөлсүн.
.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |