КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
19-сессиясы
2026-жылдын 25-июлу №18
Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылында жайгашкан Т. Сулайманов көчөсүн иретке келтирүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылында жайгашкан Т. Сулайманов көчөсүн иретке келтирүү, кызыл сызыктарды сактоо, инженердик тармактарды (таза суу, жол, электр чубалгылары ж.б.) талапка ылайык жайгаштыруу жана келечекте жер тилкелери боюнча пайда болушу мүмкүн болгон талаш-тартыштардын алдын алуу максатында айыл өкмөттүн 2026-жылдын 23-июлундагы №01-01-33/977 сандуу катына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кенеш айыл ѳкмѳтүнүн Шанкол айылына кетүүчү жолдун эни Арбын-Шанкол кѳпүрѳсүнѳ чейин 18 метр, ал эми кѳпүрѳдѳн Т. Сулайманов кѳчѳсүнүн аягына чейинки жолдун эни (туурасы) 14 метр деп белгилѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнѳ сунушталсын.
2. Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын. 3. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бактыбекке жүктөлсүн.
.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |