КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
20-сессиясы
2026-жылдын 29-сентябры №21
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жергиликтүү чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
«Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы; Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин календардык планына негиз, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2026-жылдын 24-октябрь күнү саат 10-00 дө айыл өкмөтүнүн имаратындагы кичи залда өткөрүлсүн.
2.Кеңеш айыл аймагынан Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 80 болуп бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет)
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет)
4.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги бекитилсин. (3-тиркеме тиркелет)
5.Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын, чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында уюштурууга жооптуу болуп депутаттардын тизмеси бекитилсин. (4-тиркмеме тиркелет)
6.Ар бир айылдын депутаттары жана айыл башчысы айылдын чогулушун уюштурууга көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилсин.
7.Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
8.Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |