ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын кезексиз 14 сессиясы
2026-жылдын 17-июну №14-2
Кыргыз Республикасында жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги аскерге чейинки даярдоо (АЧД) кабинеттерин жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча
Кыргыз Республикасынында жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясынын ишке ашыруу боюнча Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги аскерге чейинки даярдоо (АЧД) кабинеттерин жабдуулар менен камсыз кылууга макулдук сурап, Гулистан айыл өкмөтү өзүнүн 2026-жылдын 16 июнундагы чыгыш № 01-2/787 сандуу каты менен Гулистан айылдык кеңешине кайрылган. Гулистан айылдык кеңеши бул кат менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, токтом кылат:
1. 1.Гулистан айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 16 июнунудагы чыгыш № 01-2/787 сандуу каты менен таанышылгандыгы белгиленсин.
- Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги аскерге чейинки даярдоо (АЧД) кабинеттерин жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча түшүүсү күтүлүп жаткан, пландан ашыкча акча каражаттардын эсебинен төлөп берилишине макулдук берилсин.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |