ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын кезексиз 15-сессиясы
2026-жылдын 06-августу №15-1
Дүйнөлүк VI-Көчмөндөр оюндарына катышкан “Биримдик кербенин” коштоо кызматын каржылоо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78, 95-беренелерин колдоого алып жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, жергиликтүү бюджеттин 2027-2028-2029-жылдарга орто мөөнөттүү болжолдуу долбоорун депутаттардын Гулистан айлдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыгылгандыктан, Гулистан айылдык кеңеши карап чыгып, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2 тиркеменин негизинде жактырылсын. (Тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Саттаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин“Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |