Редакцияот 08.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын кезектеги 16-сессиясы

 

2026-жылдын 08-сентябры  №16-1

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинии 2025-жылдын 19-августундагы "Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү" №502 токтому жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы "Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү” №502 токтому, Кыргыз Республикасынын "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби” жөнүндөгү № 502 токтому жана бекитилген жобосун аткарууга алуу максатында айыл аймагына тиешелүү бардык айылдарына жайылтылсын.

2. Гулистан айыл аймагында расымдык кызмат көрсөтүү кызматы түзүлө электигин жана көмүү жайларын алдын-ала брондоо тажрыйбасы буга чейин колдонулбагандыгы, жергиликтүү калктын тутунган расымдык шартына жараша кабыл алынуусун эске алуу менен, айыл аймагында расымдык кызмат көрсөтүү кызматын уюштуруу, ачуу, жагы сунушталсын.

- Айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо акы төлөмү жокжүргүзүлүүсү сунушталсын.

- Айыл аймагындагы жалгыз бой же кароосу жок тургундарды акыркы сапарга узатууда көмүү жайларын уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 5 000 (беш миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жагы каралсын.

3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

 

 

 

 

 Төрага

 

 У.Мирзакулов