Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-сентябры №16-3
Гулистан айыл аймагы “Беш-Коргон” айылынын “Кочкор-Ата” калктуу конушунун жашоочуларынын “Кочкор-Ата-3” көчөсүнүн наамын өзгөртүү боюнча 2026-жылдын 26-августундагы өткөргөн чогулушунун протоколун кароо жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын “Беш-Коргон” айылынын “Кочкор-Ата” калктуу конушунун тургундары 2026-жылдын 26-августунда чогулуш өткөрүшкөн. Бул чогулушута калктуу конуштагы “Кочкор-Ата-3” көчөсүн аталышын өзгөртүүнү чечишкен. Көчөнүн аталышын көп жылдар аймактагы ар кандай иштерде ийгиликтүү иштеген, эли жүрткө адал эмгеги менен таанымал болгон маркум Кааров Бекташ атанын наамына өзгөртүү чечилген. Көчөнүн аталышын өзгөртүү Гулистан айылдык кеңешинен суралган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселе менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык, токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагынын “Беш-Коргон” айылынын “Кочкор-Ата” калктуу конушундагы чоң көпүрөөдөн мазарга чейин кеткен “Кочкор-Ата-3” көчөсүнүн аталышын “Бекташ-Ата атындагы Кочкор-Ата” көчөсү деп өзгөртүлүшүнө макулдук берилсин.
2. Аталышы өзгөртүлгөн көчөгө тийиштүү көрсөткүч жана номерлерди даярдоо жана илүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун бирден нускасын райондук кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жеткирүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
| У.Мирзакулов |