ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 08-сентябры №16-4
Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Гулистан-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Сабировдун 2026-жылдын 3-сентябрындагы чыгыш № 01-32/1924 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Гулистан-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси өз катында аймактагы дыйкандарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо максатында, мурдагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын 3 адамдан турган штатын, ички канал-арыктарды, ирригациялык курулмаларды, техникалык жана башка баланстык мүлкү менен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүнү суранган. Себеби райондогу башка бир нече айыл өкмөттөр бул тажрыйбаны колдонушкан. Ушул маселени карап, тиешелүү чечип чыгарып берүү айылдык кеңешинен суралган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселе менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Гулистан-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Сабировдун 2026-жылдын 3-сентябрындагы чыгыш № 01-32/1924 сандуу каты каралгандыгы белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы сугат суунун ички канал-арыктарын, ирригациялык курулмаларын, техника жана башка баланстык мүлкүн Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү маселесинин бардык жагдайлары үйрөнүлүп, керектүү чечим чыгаруу жагы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин“Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага
| У.Мирзакулов |