Редакцияот 22.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ⅷ чакырылышынын 17-сессиясы

 

 

2026-жылдын 22-июну №11

 

2027-2029-жылдарга жергиликтүү бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2027-2029-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү 2026-жылдын 22-июнундагы №191 сандуу катына негиз, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесине негиз, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,  Көк-Жар айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

         1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2027-2029-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолу жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

          2. 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолу- 79034,4 миң сомго бекитилсин.

          3. 2028-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолу- 81477,8 миң сомго бекитилсин.

          4. 2029-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолу- 85042,8 миң сомго бекитилсин.

          5. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  расмий  веб-сайтында жарыялансын.

          6. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик

реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

          7. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

          8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 Р. Арапов