КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ⅷ чакырылышынын 18-сессиясы
2026-жылдын 06-августу №13
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 03-августундагы №232 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 03-августундагы №232 сандуу катына негиз, 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттен Абшыр-Ата жайлоосуна туризмди өнүктүрүү үчүн субсидия катары бөлүнгөн акча каражатынын 100 000 (бир жүз миң) сомун Ысык-Көл облусунда өтүүчү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун» уюштуруу иштерине которуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесине жана Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кенеши токтом кылат:
1. 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттен Абшыр-Ата жайлоосуна туризмди өнүктүрүү үчүн субсидия катары бөлүнгөн акча каражатынын 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражатын Ысык-Көл облусунда өтүүчү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун» уюштуруу иштерине которууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде беренелерине коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Чечимдин мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |