Редакцияот 06.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ⅷ чакырылышынын 18-сессиясы

 

 

2026-жылдын 06-августу №14

 

Көк-Жар айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша беренелерин кайрадан кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106 жана 116-беренелерине негиз,Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,  Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

         1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 26-июнундагы №197 сандуу катына негиз, таштанды ташуучу полигонду тосуу жана көрктөндүрүү иштерине 452 600 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 70491 бөлүмүнүн 22154900 беренесинен  70491 бөлүмүнүн 3111 беренесине которуп, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.     

         2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 20-июлундагы №216 сандуу катына негиз, Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусунун 2026-жылдын 16-февралындагы №02-7/246/26 сандуу аткаруу өндүрүшүнө негиз токтомуна ылайык, Жолдошова Наргиза Курсаналиевнанын пайдасына өндүрүлүүчү 150 000 (бир жүз элүү миң) сом өлчөмүндө карызы убагында төлөнбөгөндүгү үчүн 10 пайыз өлчөмүндө тактап айтканда 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын атайын эсептик счетуна мыйзам чегинде 70491 бөлүмүнүн 22151900 беренесинен которуп берүүгө макулдук берилсин.

        3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 28-июлундагы №227 сандуу катына негиз, «Каранай» жалпы негизги билим берүү мектебинин директору А.Жумабаеванын арыздарына негиз, жаңы курулган мектептин жылытуу системасы көмүр менен камсыздоо үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

       4. Жергиликтүү бюджеттин 70491 бөлүмүнүн 22154900 беренесинин 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты  «Каранай» негизги мектебинин жаңы имаратынын жасалгалоо (оформление) иштерине которууга макулдук берилсин. 

      5.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 27-январындагы №34 сандуу катына негиз, айыл өкмөтүнүн имаратынын калкты тейлөө бөлүмүнө 70491 бөлүмүнүн 22154900 беренесинен  150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

      6.Жогоруда орду жылдырылган 1-пункттагы акча каражаттары 2026-жылдын 9 айдын жыйынтыгында үнөмдөлгөн жана ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан орду толтурулсун.

        7. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий  веб-сайтында жарыялансын.

        8. Айылдык  кеңешинин  токтому  ченемдик  укуктук  актылардын  мамлекеттик

реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

       9. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

       10. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.

       11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 Р. Арапов