КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ⅷ чакырылышынын 18-сессиясы
2026-жылдын 06-августу №14
Көк-Жар айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша беренелерин кайрадан кароо жөнүндө
“Көк-Жар” муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 03-августундагы №66 сандуу катына негиз, «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбооруна өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесине жана Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кенеши токтом кылат:
1. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбооруна өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин 70491 бөлүмүнүн 22154900 беренесинин 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын, ушул эле 70491 бөлүмүнүн 3112 беренесине которуп, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда орду жылдырылган 1-пункттагы акча каражаттары 2026-жылдын 9 айдын жыйынтыгында үнөмдөлгөн жана ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан орду толтурулсун.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |