БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 5-октябры №6/1
Баетов айыл аймагынын Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 03-сентябрындагы “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №309 Жарлыгына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы №1 протоколу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Баетов айыл аймагынын калкынын саны 13232 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 80 деп белгиленсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучулары Баетов айыл аймагындагы Баетов, Терек, Үгүт, Байгөнчөк, Кайынды-Булак айылдарынын санына жана иш алып барган мекемелерге жараша пропорционалдуу №1 тиркемеге ылайык шайлансын. (Тиркеме 1 баракта).
4. Баетов айыл аймагында жарандардын жыйынын өткөрүү 08– октябрдан 16-октябрга чейин №2 тиркемеге ылайык белгиленсин. (Тиркеме 1 баракта)
5. Баетов айыл аймагынын жарандардынжыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 1 баракта).
6. Баетов айыл аймагынын жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 1 баракта)
7. Кезектеги V Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен календардык планга ылайык, Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү Ак-Талаа райондук маданият үйүнө 2026-жылдын 24-октябрына чакыртылсын.
8. Ушул токтомду сайтка жарыялоо Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ч. Азимжанов |
Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын 2026-жылдын 05-октябрындагы №6/1 токтомуна №1 тиркеме
Баетов айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын катышуучуларынын саны жана квотасы төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн.
№ | Делегат шайлана турган округдардын аталышы | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны |
1 | УОС аймагы | 2767 | 17 |
2 | Вет борбор аймагы | 2839 | 17 |
3 | Баетов аймагы | 2110 | 13 |
4 | РЭС аймагы | 1803 | 11 |
5 | Кайынды-Булак айылы | 873 | 5 |
6 | Терек айылы | 1295 | 8 |
7 | Үгүт айылы | 934 | 5 |
8 | Байгөнчөк айылы | 611 | 4 |
9 | Жалпы | 13232 | 80 |
Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы У. Жээнбекова
Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын
2026-жылдын 05-октябрындагы №6/1 токтомуна №2 тиркеме
2026-жылдын 08-16 октябрга чейин Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги
№ | Айылдардын жана округдардын аталышы | Чогулуш өткөрүлүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | УОС аймагы | Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектеби |
| А. Токтогулова, Н. Жолдубаев, У. Шерипбек уулу, Г. Тентимишова У. Таштанкулов |
2 | Вет борбор аймагы | Ак-Талаа райондук маданият үйү |
| И. Жакшылык уулу, Ч. Акматбекова, С. Каленов, Г. Чынгышова |
3 | Баетов аймагы | Э. Карасартов орто мектеби |
| А. Кудашов, К. Шыгаев Н. Абылова
|
4 | РЭС аймагы | Э. Карасартов орто мектеби |
| Ч. Черикбаев, Г. Аянова
|
5 | Кайынды-Булак айылы | Кайыңды-Булак айылдык клубу |
| Т. Карымшаков |
6 | Терек айылы | К. Молдобасанов атындагы айылдык клубу |
| У. Маатмусаев, Г. Абдылдаева |
7 | Үгүт айылы | клуб |
| К. Эгембердиев |
8 | Байгөнчөк айылы | М. Баетов атындагы айылдык клубу |
| Б. Молдокеева, |
Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы У. Жээнбекова
Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын 2026-жылдын 05-октябрындагы №6/1 токтомуна №3 тиркеме
Баетов айыл аймагынын жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси.
№ | А.А.А | Кызматы | Кайсы айылга жооптуу |
| айылдык кеңештин депутаты | Байгөнчөк айылы | |
| айылдык кеңештин депутаты | Кайыңды-Булак айылы | |
| айылдык кеңештин депутаты | Баетов айылы | |
| айылдык кеңештин депутаты | Баетов айылы | |
| айылдык кеңештин депутаты | Баетов айылы | |
| айылдык кеңештин депутаты | Терек айылы | |
| айылдык кеңештин депутаты | Үгүт айылы |
Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы У. Жээнбекова
Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын 2026-жылдын 05-октябрындагы №6/1 токтомуна №4 тиркеме
Баетов айыл аймагынын жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү төмөндөгү курамда түзүлсүн
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу топтогу ролу | Кайсы айылга жооптуу |
1 | Азимжанов ЧерЛЭнС | айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баетов айыл аймагы |
2 | Абдылдаева Гүлнара | айылдык кеңештин депутаты | мүчөсү | Терек айылы |
3 | Карымшаков Талантбек | айылдык кеңештин депутаты | мүчөсү | Үгүт айылы |
4 | Молдокеева Бактыбүбү | айылдык кеңештин депутаты | мүчөсү | Байгөнчөк айылы |
5 | Аянова Гүлмира | айылдык кеңештин депутаты | мүчөсү | Кайыңды-Булак айылы |
6 | Тентимишова Гүлжан | аялдар кеңешинин төрайымы | мүчөсү | Баетов айыл аймагы |
8 | Жээнбекова Уулкан | Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | жумушчу топтун катчысы | Баетов айыл аймагы |
9 | Шерипбек уулу Уланбек | айылдык кеңештин депутаты | мүчөсү | Баетов айыл аймагы |
10 | Кудашов Алымкул | айылдык кеңештин депутаты | мүчөсү | Баетов айыл аймагы |
11 | Мыдыкеева Мадина | Баетов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы | мүчөсү | Баетов айыл аймагы |
12 | Кожоев Токтомуш | Терек айылынын айыл башчысы | мүчөсү | Терек айылы |
13 | Боталиев Кылыч | Кайыңды-Булак айыл башчысы | мүчөсү | Кайыңды-Булак айылы |
14 | Эгембердиев Конокбай | Байгөнчөк айылынын айыл башчысы | мүчөсү | Байгөнчөк айылы |
15 | Токон уулу Адилет | Үгүт айылынын айыл башчысы | мүчөсү | Үгүт айылы |
Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы У. Жээнбекова