КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 24-октябры № 810-т
«Кара-Көл» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында, долбоор боюнча жеке өнөктөштү алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 27-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Кара-Көл» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |