Редакцияот 28.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 КЕЗЕКСИЗ XXII СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 28-августу  № 22/4

 

 Мотороллер сатып алуу долбоорго өздүк салым катары

акча каражат бөлүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна даярдалган, электро кубат менен жүргөн 1 даана төрт дөнгөлөктү мотороллер сатып алууга, жалпы наркы 300 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 100 000 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна даярдалган, электро кубат менен жүргөн 1 даана төрт дөнгөлөктү мотороллер сатып алуу жалпы наркы 300 000 сомдук долбоор жактырылсын.

2.    Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна даярдалган, электро кубат менен жүргөн 1 даана төрт дөнгөлөктү мотороллер сатып алуу, жалпы наркы 300 000 (үч жүз мин) сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 100 000 (бир жүз мин) сом бөлүнсүн.

3.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

  Төрага

Р. Жолдошбеков