Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы №61/XIX-29
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат
көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине 11-пунктуна ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кочкорбаев айыл аймагынын “Кочкорбаев” муниципалдык ишкананын директору Н.Райкеевдин таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, айыл аймактын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу пайдалануучулардын ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- жеке жактарга бир адамга бир айга - 40 сом;
- суу эсептегичтери болгон учурда 1 куб.метр суу - 25,25 сом;
- суу түтүкчөсүнө кошулууга уруксат алууга - 2500 сом.
- бюджеттик уюмдарга жана башка уюмдарга бир адамга бир айга - 60 сом;
- бюджеттик уюмдарга жана башка уюмдарга суу эсептегичтери болгон учурда 1 куб.метр - 25,25сом.
2. Кочкорбаев муниципалдык ишкананын директоруна:
- керектөөчүлөргө тарифтер жөнүндө маалыматтар жеткирилсин;
- ичүүчү суунун сапатын санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык туруктуу камсыздалсын;
- ичүүчү сууну башка максаттарга (бакчаларды сугаруу, унааны жуу ж.б.) пайдаланууну аныктоо боюнча иштерди уюштурулсун;
- ичүүчү сууну максатсыз пайдаланууну аныктоодо административдик чараларды көрүү иштери жүргүзүлсүн;
- 10 баштан көп болгон ийри мүйүздүү мал кашарларга жана майда мүйүздүү мал 30 баштан көп болгон чарбаларга суу эсептегичтер орнотулсун.
3. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Кочкорбаев айылдык кеңешинин 17-июль 2024-жылындагы № 23/VIII-28 “Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |